Difference between revisions of "АЛИНАЗАРОВ Садык"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛИНАЗАРОВ''' '''Садык''' [1914, Пишпек шаары (азыркы Бишкек) ‒ 7. 3. 1969] ‒ Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта 280-аткычтар дивизиясындагы 103-аткычтар полкунун катардагы жоокери болгон. [[File:АЛИНАЗАРОВ76.png | thumb | none]]
'''АЛИНАЗАРОВ''' ('''Али-Назаров)''' '''Садык''' [1914, [[Россия империясы]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек шаары]] (азыркы Бишкек) ‒ 07. 03. 1969] ‒ [[Советтер Союзунун Баатыры]] (17. 10. 1943). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. [[Улуу Ата Мекендик согуш]]та Борбордук фронттун алдындагы 280-аткычтар дивизиясындагы 1031-аткычтар полкунда пулемётчу болуп кызмат өтөгөн. [[File:АЛИНАЗАРОВ76.png | thumb | none]]
1943-жылы 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчилерден болуп сүзүп өткөн. Дарыянын оӊ жээгине плацдарм курган советтик  жоокерлер тобу бир түндө душмандын 12 контр чабуулунун мизин кайтарган. Ошондогу эрдиги үчүн Алиназаровго Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Согуштан кийин Бишкек шаарында эмгек жолун кайрадан уланткан.<br>
1943-жылы 25-сентябрда түн ичинде [[Днепр]]ден биринчилерден болуп сүзүп өткөндөн кийин дарыянын оӊ жээгине плацдарм куруп, башка жоокерлер менен бирге 2 күн бою душмандын 12 контр чабуулунун мизин кайтарышкан. С. Алиназаров мөндүрдөй жааган октун алдында 42 саат туруштук берип, душмандын 21 солдаты 2 офицерин жок кылган жана өз пулемётунун огу түгөнгөндө, колго түшкөн душмандын пулемётун пайдаланып согушкан. Ошондогу эрдиги үчүн С. Алиназаровго Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган (№5274). Согуштан кийин Бишкек шаарында кайрадан эмгек жолун уланткан.
 
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.
[[Категория:1-Том]]

14:29, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы

АЛИНАЗАРОВ (Али-Назаров) Садык [1914, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек шаары (азыркы Бишкек) ‒ 07. 03. 1969] ‒ Советтер Союзунун Баатыры (17. 10. 1943). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта Борбордук фронттун алдындагы 280-аткычтар дивизиясындагы 1031-аткычтар полкунда пулемётчу болуп кызмат өтөгөн.

АЛИНАЗАРОВ76.png

1943-жылы 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчилерден болуп сүзүп өткөндөн кийин дарыянын оӊ жээгине плацдарм куруп, башка жоокерлер менен бирге 2 күн бою душмандын 12 контр чабуулунун мизин кайтарышкан. С. Алиназаров мөндүрдөй жааган октун алдында 42 саат туруштук берип, душмандын 21 солдаты 2 офицерин жок кылган жана өз пулемётунун огу түгөнгөндө, колго түшкөн душмандын пулемётун пайдаланып согушкан. Ошондогу эрдиги үчүн С. Алиназаровго Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган (№5274). Согуштан кийин Бишкек шаарында кайрадан эмгек жолун уланткан.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.