Difference between revisions of "АЛИНАЗАРОВ Садык"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛИНАЗАРОВ''' Садык [1914, Пишпек ш. (азыркы Бишкек) ‒ 7. 3. 1969] ‒ Сов. Союзунун Баатыры (1943). Сов. Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта 280-аткычтар дивизиясындагы 103-аткычтар полкунун катардагы жоокери болгон. [[File:АЛИНАЗАРОВ76.png | thumb | none]]
'''АЛИНАЗАРОВ''' ('''Али-Назаров)''' '''Садык''' [1914, [[Россия империясы]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек шаары]] (азыркы Бишкек) ‒ 07. 03. 1969] ‒ [[Советтер Союзунун Баатыры]] (17. 10. 1943). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. [[Улуу Ата Мекендик согуш]]та Борбордук фронттун алдындагы 280-аткычтар дивизиясындагы 1031-аткычтар полкунда пулемётчу болуп кызмат өтөгөн. [[File:АЛИНАЗАРОВ76.png | thumb | none]]
1943-ж. 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчилерден болуп сүзүп өткөн. Дарыянын оӊ жээгине плацдарм курган сов. жоокерлер тобу бир түндө душмандын 12 контр чабуулунун мизин кайтарган. Ошондогу эрдиги үчүн А-го Сов. Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Согуштан кийин Бишкек ш-нда эмгек жолун кайрадан уланткан.<br>
1943-жылы 25-сентябрда түн ичинде [[Днепр]]ден биринчилерден болуп сүзүп өткөндөн кийин дарыянын оӊ жээгине плацдарм куруп, башка жоокерлер менен бирге 2 күн бою душмандын 12 контр чабуулунун мизин кайтарышкан. С. Алиназаров мөндүрдөй жааган октун алдында 42 саат туруштук берип, душмандын 21 солдаты 2 офицерин жок кылган жана өз пулемётунун огу түгөнгөндө, колго түшкөн душмандын пулемётун пайдаланып согушкан. Ошондогу эрдиги үчүн С. Алиназаровго Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган (№5274). Согуштан кийин Бишкек шаарында кайрадан эмгек жолун уланткан.
 
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.
[[Категория:1-Том]]

14:29, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы

АЛИНАЗАРОВ (Али-Назаров) Садык [1914, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек шаары (азыркы Бишкек) ‒ 07. 03. 1969] ‒ Советтер Союзунун Баатыры (17. 10. 1943). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта Борбордук фронттун алдындагы 280-аткычтар дивизиясындагы 1031-аткычтар полкунда пулемётчу болуп кызмат өтөгөн.

АЛИНАЗАРОВ76.png

1943-жылы 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчилерден болуп сүзүп өткөндөн кийин дарыянын оӊ жээгине плацдарм куруп, башка жоокерлер менен бирге 2 күн бою душмандын 12 контр чабуулунун мизин кайтарышкан. С. Алиназаров мөндүрдөй жааган октун алдында 42 саат туруштук берип, душмандын 21 солдаты 2 офицерин жок кылган жана өз пулемётунун огу түгөнгөндө, колго түшкөн душмандын пулемётун пайдаланып согушкан. Ошондогу эрдиги үчүн С. Алиназаровго Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган (№5274). Согуштан кийин Бишкек шаарында кайрадан эмгек жолун уланткан.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.