Difference between revisions of "АСКИЗ МАДАНИЯТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  ‒ хакастардын о. кылымдардагы (10‒17-к.) археол. маданияты; Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз д-нын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-ж. археолог. Л. Р. Кызласов изилдеген. Тюхтят мад-ты (Кыргыз кагандыгы) А. мад-на негиз болгон. А. мад-нын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (11‒12-к.), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр ж. б. кирет, о. эле алтын, күмүш м-н кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-к-да А. мад-ты Чыгыш Европада, а. и. Орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн ж-а соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-ж.) ж-а христиандаштырылышы А. мад-тынын хакас мад-тына өзгөрүшүнө түрткү берген.
'''АСКИЗ МАДАНИЯТЫ''' ‒ хакастардын орто кылымдардагы (X‒XVII кылымдар) археологиялык маданияты. Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л.Р.Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (XI‒XII кылымдар), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр жана башкалар кирет, ошондой эле алтын, күмүш <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. XI кылымда аскиз маданияты Чыгыш Европада, <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-жылдар) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> христиандаштырылышы аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.
 
[[Категория:1-Том]]

18:12, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы

АСКИЗ МАДАНИЯТЫ ‒ хакастардын орто кылымдардагы (X‒XVII кылымдар) археологиялык маданияты. Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л.Р.Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (XI‒XII кылымдар), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр жана башкалар кирет, ошондой эле алтын, күмүш менен кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. XI кылымда аскиз маданияты Чыгыш Европада, анын ичинде орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-жылдар) жана христиандаштырылышы аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.