Difference between revisions of "ИНТЕЛЛИГИБЕЛДҮҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИНТЕЛЛИГИБЕЛДҮҮ (лат. intel-ligibilis – түшүнүлгөн, ойлонулган, ойдогу) – дүйнөгө таан­дык нерселерди интеллекттин же акыл-эстин жардамы аркасында гана түшүнүү. И. дүйнө деп рухий чындыкты чагылдырган идеялардын, идеалдардын, образдардын ж-а түшүнүктөрдүн дүйнөсү айтылат. И. Канттын пикири б-ча И-лүк – сезимдер аркылуу эмес, акыл-эс м-н гана түшүнүүгө мүмкүн болгон нерселер. И. Кант­тын философиясында нукура акыл (чистый ра­зум). И. дүйнөгө жаратылыштын кубулушу бо­луп эсептелген физ. нерселерди киргизбейт, ал эми тажрыйбалык акыл-эс (практический ра­зум) адамдын жүрүм-турумунун негизин түзгөн идеалдуулуктардын баарын И. дүйнөгө кир­гизет.