Difference between revisions of "ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫИндиядан түштүктө, Инди океанындагы Чагос архипелагында. Аймак 6 атоллду ж-а 56 арал­ды камтыйт. Башкы аралы – Диего-Гарсия. Климаты тропиктик деңиздик; ысык, нымдуу; толкундуу шамал тез-тез болуп турат. Аралды 16-к-дын башында португалиялыктар ачкан. Император Наполеон 1814-ж. басып алганга че­йин француздардын башкаруусунда болгон. Ан­дан соң англичандарга өткөн. Англ. Маврикий а. тобунун курамына кирген аралдар 1966-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, Сейшель а-нын курамына өткөн. 1976-ж. 23-июнда Чагос архи­пелагы Сейшель а-нан өзүнчө бөлүнүп, И. о. Б. а-н түзгөн. Калган аралдары ээн. Диего-Гарсия а. деңиз деңг. 4 м бийиктикте. Анын чыгыш бөлүгү­нүн табиятына кол тийбестен сакталып келүүдө. Аралда адамдын чарбалык ж. б. иш аракетине тыюу салынып, ил.-из. иштери гана жүргүзүлөт. Аймакты Улуу Британия королевасы башкарат. 1971-ж. чейин копра өндүрүлгөн. Диего-Гарсия а-нда АКШнын аскер-деңиз базасы курулган. Тейлөө кызматында ондогон англичандар иш­тейт. Аралдардын көбүндө жол салынган эмес; Диего-Гарсия а-нда аскерлер турган порт м-н аэро­дромдун аралыгында кыска жол бар. Тейлөө кыз­маткерлери велосипед м-н катнаш жасайт. Арал­дын экономикасына байланыштуу иш-чаралар


Диего-Гарсияда жүргүзүлөт. Калган аралдары ээн болгону м-н балык кармалат (жылына млн дол­ларга жакын киреше алып келет). Жапайы эшек­тер (сырттан алынып келинген) көп кездешет. О. эле краб, сойлоп жүрүүчүлөр да бар. Тропик куштары мекендейт.


Ад.: Все о странах мира, атлас – спровочник. Санкт- Петербург, 2006.

Р. Карачалова.