Difference between revisions of "АД-ДИМАШКИ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АД-ДИМАШКИ''' [толук аты-жөнү Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад Абу Талиб ал-Ансари ас-Суфи ад-Димашки (1256, Дамаск, Селжук мамлекети – 1327, Цфат (арабча Сафад) шаары, Мамлюктар султандыгы)] – араб географы; «Нухбат ад-дахр фи аджаиб ал-барр ва-л-бахр» (Кургактагы жана деңиздеги ажайыптардын мезгилин тандоо жөнүндө) аттуу | '''АД-ДИМАШКИ''' [толук аты-жөнү Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад Абу Талиб ал-Ансари ас-Суфи ад-Димашки (1256, [[Дамаск]], [[Селжук мамлекети]] – 1327, Цфат (арабча Сафад) шаары, Мамлюктар султандыгы)] – араб географы; «Нухбат ад-дахр фи аджаиб ал-барр ва-л-бахр» (Кургактагы жана деңиздеги ажайыптардын мезгилин тандоо жөнүндө) аттуу [[энциклопедия]]лык эмгектин автору. Ысымы башка бир араб географы ад-Димашки (1301–1349) менен уйкаштыгы көптөгөн адашууларга жол бериши мүмкүн. Анын ысымы Шихаб ад-Дин Ахмед ибн Йахйа ибн Фадлаллах [[ал-Омари]]''.'' Ад-Димашки деген кошумча ысым (арабча «нисба») Дамаск (арабча «Димашк») шаарында туулгандыгы үчүн берилген, бирок өзү тууралуу маалыматтар өтө аз. Бир аз убакыт Дамаскга жакын Ал-Рабва деген мечитте [[имам]] болуп турган. Кийинчерээк ислам дининие катуу берилип, такыба адамга айланган жана дербиш катары жер кезип, көбүнчө [[Кичи Азия]]ны жана [[Африка]] континентинин түндүгүн кыдырып чыккан. «Нухбат ад-дахр фи аджаиб ал-барр ва-л-бахр» көп кырлуу эмгеги тогуз бөлүмдөн туруп, биринчисинде жер шары жети аймакка бөлүнүп, жыл мезгили, байыркы эстеликтер аталат. Экинчи бөлүмү минералдар жана асыл таштар; 4, 5, 6-бөлүмдөрү дарыя-деңиз-океандарга орун берилген. Ал эми кургактагы жерлер, өлкөлөр, шаарлар тууралуу маалыматтар 7, 8-бөлүмүндө айтылат. Булардан тышкары эмгекте [[физика]], [[математика]], [[теология]], [[философия]], [[география]], [[этнография]] сыяктуу ж. б. илимдер да камтылган. [[Орто Азия]]га арналган бөлүмүндө [[Аму-Дарыя]] (Джейхун), Сыр-Дарыя (Сейхун), [[Волга]] (Итил), [[Каспий]] жана [[Арал]] деңиздери (Хазар жана Хорезм), ошондой эле [[кыргыздар]] (ал-хиргизийа), [[карлуктар]] (ал-харлухийа), [[кимактар]] (ал-каймакийа), [[огуздар]] (ал-гуззийа), [[печенегдер]] (ал-бажанакийа), [[тогуз огуздар]] (ал-тугузгузийа), калачтар (ал-каладжийа), кумандар (ал-куманийа), [[түргөштөр]] (ал-туркишийа), азкишилер (ал-азкашийа), [[хазарлар]] (ал-хазар), [[булгарлар]] (ал-булгар), [[буртастар]] (ал-буртас) тууралуу баалуу маалыматтар кезигет. Мисалы, [[Фергана]]дагы аймактарды сүрөтөөдө [[Памир]], [[Тохарстан]] жана Рашт дарыялары Жейхунга куярын, аны менен бирге бул дарыялар кыргыздардын (хирхис) өлкөсүнөн башталып агып чыгарын эскертет. | ||
Ад.: Крачковский И. Ю. Избранные сочинения. Т. IV. М.-Л., 1957. | Ад.: Крачковский И. Ю. Избранные сочинения. Т. IV. М.-Л., 1957. | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
17:03, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку версиясы
АД-ДИМАШКИ [толук аты-жөнү Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад Абу Талиб ал-Ансари ас-Суфи ад-Димашки (1256, Дамаск, Селжук мамлекети – 1327, Цфат (арабча Сафад) шаары, Мамлюктар султандыгы)] – араб географы; «Нухбат ад-дахр фи аджаиб ал-барр ва-л-бахр» (Кургактагы жана деңиздеги ажайыптардын мезгилин тандоо жөнүндө) аттуу энциклопедиялык эмгектин автору. Ысымы башка бир араб географы ад-Димашки (1301–1349) менен уйкаштыгы көптөгөн адашууларга жол бериши мүмкүн. Анын ысымы Шихаб ад-Дин Ахмед ибн Йахйа ибн Фадлаллах ал-Омари. Ад-Димашки деген кошумча ысым (арабча «нисба») Дамаск (арабча «Димашк») шаарында туулгандыгы үчүн берилген, бирок өзү тууралуу маалыматтар өтө аз. Бир аз убакыт Дамаскга жакын Ал-Рабва деген мечитте имам болуп турган. Кийинчерээк ислам дининие катуу берилип, такыба адамга айланган жана дербиш катары жер кезип, көбүнчө Кичи Азияны жана Африка континентинин түндүгүн кыдырып чыккан. «Нухбат ад-дахр фи аджаиб ал-барр ва-л-бахр» көп кырлуу эмгеги тогуз бөлүмдөн туруп, биринчисинде жер шары жети аймакка бөлүнүп, жыл мезгили, байыркы эстеликтер аталат. Экинчи бөлүмү минералдар жана асыл таштар; 4, 5, 6-бөлүмдөрү дарыя-деңиз-океандарга орун берилген. Ал эми кургактагы жерлер, өлкөлөр, шаарлар тууралуу маалыматтар 7, 8-бөлүмүндө айтылат. Булардан тышкары эмгекте физика, математика, теология, философия, география, этнография сыяктуу ж. б. илимдер да камтылган. Орто Азияга арналган бөлүмүндө Аму-Дарыя (Джейхун), Сыр-Дарыя (Сейхун), Волга (Итил), Каспий жана Арал деңиздери (Хазар жана Хорезм), ошондой эле кыргыздар (ал-хиргизийа), карлуктар (ал-харлухийа), кимактар (ал-каймакийа), огуздар (ал-гуззийа), печенегдер (ал-бажанакийа), тогуз огуздар (ал-тугузгузийа), калачтар (ал-каладжийа), кумандар (ал-куманийа), түргөштөр (ал-туркишийа), азкишилер (ал-азкашийа), хазарлар (ал-хазар), булгарлар (ал-булгар), буртастар (ал-буртас) тууралуу баалуу маалыматтар кезигет. Мисалы, Ферганадагы аймактарды сүрөтөөдө Памир, Тохарстан жана Рашт дарыялары Жейхунга куярын, аны менен бирге бул дарыялар кыргыздардын (хирхис) өлкөсүнөн башталып агып чыгарын эскертет.
Ад.: Крачковский И. Ю. Избранные сочинения. Т. IV. М.-Л., 1957.