Difference between revisions of "АБДЫРАХМАН Күчүк уулу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 
(7 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДЫРАХМАН''' Кучак уулу (болжолу 1739–20. 6.1789) – элчи; сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр орус император айымы Екатерина IIге жиберген элчилердин башчысы. Элчилер 1785-жылы сапарга аттанып, Омск - Петропавловск - Челябинск - Екатеринбург - Москва - Петербург маршруту боюнча жол кезишкен.1785-жылы 15-мартта Петербург шаарында Екатерина II элчилерди салтанаттуу кабыл алган. Абдырахман Кучак уулу <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Шергазы Екатерина IIге  Атаке бийдин атынан жазылган катты, үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> бир кул тартуулашкан. Катта кыргыз бийинин орус император айымын урматтаары, кыргыз жери аркылуу орус кербендеринин ээн-эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болоору тууралуу айтылган. Екатерина II жооп катары Атаке баатырга 800 рубль күмүш акча белек берип жиберген, Абдырахманга 100 рубль берген. Элчилер кайрадан Москва - Казань - Уфа - Челябинск - Пешан - Петропавловск аркылуу кайтып, 1789-жылы 2-январда Омскиге жетишкен. Бул жерден ал Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү кайттым'''»''' деп кат жөнөткөн. Ал 1789-жылы 20-июнда Петропавловск шаарындагы мечитте дүйнөдөн кайткан.<br>
'''АБДЫРАКМАН Күчүк уулу''' ([[орус архив маалыматтары]]нда Абдрахман Кучаков, 1758-жылдан мурун – 20. 06. 1789, Петропавловск чеби) – [[элчи]], [[соодагер]]. XVII кылымдын аягы – XVIII кылымдын башында [[Жуңгар хандыгы]] [[Борбордук Азия]]ны басып алышына байланыштуу жергиликтүү [[түрк уруулары]]нын айрым өкүлдөрү ойрот хандарына кызмат кылып калган. Алардын ичинде бир нече ондогон түтүн кыргыздар да болгон. 1758-жылы [[Цин империясы]]нын аскери Жуңгар хандыгын толук талкаланганда, аларга баш ийүүнү каалабаган кыргыздар алгач [[Сибирь]] линиясына баш калкалаган. Ал жерден орус бийлигин кабыл алышып, кийин жергиликтүү бийлик аларды [[Волга дарыясы]]нын (азыркы [[Калмыкия]]) жээгине жакын жерлерге көчүрүгөн. Бул жактан Абдыракман Күчүк уулу [[орус тили]]нде эркин сүйлөп, [[кат]] жазууга үйрөнгөн. 1771-жылы кыш айында Волга жээгиндеги [[калмактар]]дын ханы (1761–1771) Уубашы кол алдындагы 33 миң түтүн эли менен кайра Цин империясынын кол алдына качканда, ал кыргыздар ордунда калган. Кийин алар жергиликтүү орус акимчилигинен кысым көрүп жатканын билдирип, орус [[падыша]]сы (1762–1796) [[Екатерина II]]ге арызданып кайрылышкан. Андан жооп келгиче бир аз кыргыз өз мекенине кайтып кетишкен. Кайткандардын ичинде Абдыракман Күчүк уулу да болуп, [[Ташкент]]тен [[Россия]]га каттаган [[кербенчи]]лерге кошулуп, кийинчерээк «ташкенттик [[көпөс]]» катары таанылып калган. Ушул жактан [[Атаке бий Тынай|Атаке бий Тынай уулу]] менен ымала түзүп, 1785-жылы ал [[Шергазы Орозбай]] (Уразбаев) [[уулу]] менен бирге Абдыракман Күчүк уулун жол көрсөткүч кылып,  Россияга элчиликке аттандырган. Атаке бий орус бийлигине эки кат жолдоп, биринчиси Сибирдеги орус бийлигине арналган. Ал катында Атаке бий «мындан ары аны таанып жүрүүгө» чакырып, эки [[аргымак]] тартуулаганын билдирген. Екатерина IIнин өзүнө жазган 2-катында орус өкмөтүнө көз каранды болуу же алардын бийлигин кабыл алуу тууралуу сөз айтылбайт. Каттын башында өз ата-тегин даңазалап келип, андан ары [[Орто Азия]] жана [[Чыгыш Түркстан]] аркылуу каттаган соода кербендерин кыргыз жери менен өткүдөй өзгөртүүнү колдоону суранган. Аны менен бирге «орус падышасына бир кул жана үч [[илбирс]], беш [[сүлөөсүн]] терисин» тартуулаганын жана ал белектерди жеткирүүнү «өз элчилери Абдрахман менен Ширгазыга тапшырганын» эскертет. [[Чүй өрөөнү]]нөн 1785-жылы июль айында чыккан элчилер 23-августа Омск шаарына келген. Борборго келүүгө расмий уруксат берилгенден кийин, поручик И. Сипайлов коштогон кыргыз элчилери [[Петербург]]га жөнөтүлгөн. 1786-жылы декабрь айында аларды падыша салтанат менен кабыл алган, ошондой эле Атаке баатырды 800, Абдыракманды 100, Шергазыны 25 [[күмүш акча]] менен сыйлоого буйрук берген. Борбордо жүргөндө Абдыракман Күчүк уулу сыркоолоп калып, аны артка кайтаруу бир топко кечеңдеген. Натыйжада Атаке бийге жооп кат жеткирүү соода кербенинин башчысы М. Агаферов менен казандык көпөс А. Нурмаматовго тапшырылат. Алар 1787-жылы октябрь айында [[Омск]]дан чыгып, Чүй – [[Ысык-Көл]]гө чейин келип, Атаке бийге Екатерина IIнин жообун тапшырып, [[кыргыздар]] тууралуу алгачкы кабар жыйнап кайтышкан. Бирок жиберген элчилеринин кечиккенине кабатыр болгон 1788-жылы жайында Атаке бий алардын кабарын билип келүүгө Абдыракмандын уулу [[Сатымбай]] башындагы экинчи элчиликти аттандырат. Алар Омск шаарына 2-августта жеткен. Аңгыча Сибирдеги орус бийлигине М. Агаферовдун кербени жолдон тонолгону, ал Атакенин уулдары Солтоной менен Байшүкүр колдуу болгону тууралуу кабар угулган. Тергөө иши башталып, Сатымбай ошол жерден кармалган. 1789-ж. январь айында Петербургдан Омскга кайтып келген Абдыракман Күчүк уулу Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү» кайтып келгенин билдирген катын жөнөткөн. Ал тергөө ишине катышып жүрүп, 1789-жылы 20-июнда Петропавловск шаарындагы мечитте дүйнөдөн кайткан.
 
Ад.: Плоских В. М., Сапаралиев Д. Новые данные о первом киргизском посольстве в Россию. //Известия Академии наук Киргизской ССР, № 2. 1982; Кыргызстан-Россия: История взаимооношений. XVIII-XIX вв. Сб. док. и материалов. Б., 1998.
 
<br>
[[Категория:1-Том]]

08:36, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку версиясы

АБДЫРАКМАН Күчүк уулу (орус архив маалыматтарында Абдрахман Кучаков, 1758-жылдан мурун – 20. 06. 1789, Петропавловск чеби) – элчи, соодагер. XVII кылымдын аягы – XVIII кылымдын башында Жуңгар хандыгы Борбордук Азияны басып алышына байланыштуу жергиликтүү түрк урууларынын айрым өкүлдөрү ойрот хандарына кызмат кылып калган. Алардын ичинде бир нече ондогон түтүн кыргыздар да болгон. 1758-жылы Цин империясынын аскери Жуңгар хандыгын толук талкаланганда, аларга баш ийүүнү каалабаган кыргыздар алгач Сибирь линиясына баш калкалаган. Ал жерден орус бийлигин кабыл алышып, кийин жергиликтүү бийлик аларды Волга дарыясынын (азыркы Калмыкия) жээгине жакын жерлерге көчүрүгөн. Бул жактан Абдыракман Күчүк уулу орус тилинде эркин сүйлөп, кат жазууга үйрөнгөн. 1771-жылы кыш айында Волга жээгиндеги калмактардын ханы (1761–1771) Уубашы кол алдындагы 33 миң түтүн эли менен кайра Цин империясынын кол алдына качканда, ал кыргыздар ордунда калган. Кийин алар жергиликтүү орус акимчилигинен кысым көрүп жатканын билдирип, орус падышасы (1762–1796) Екатерина IIге арызданып кайрылышкан. Андан жооп келгиче бир аз кыргыз өз мекенине кайтып кетишкен. Кайткандардын ичинде Абдыракман Күчүк уулу да болуп, Ташкенттен Россияга каттаган кербенчилерге кошулуп, кийинчерээк «ташкенттик көпөс» катары таанылып калган. Ушул жактан Атаке бий Тынай уулу менен ымала түзүп, 1785-жылы ал Шергазы Орозбай (Уразбаев) уулу менен бирге Абдыракман Күчүк уулун жол көрсөткүч кылып, Россияга элчиликке аттандырган. Атаке бий орус бийлигине эки кат жолдоп, биринчиси Сибирдеги орус бийлигине арналган. Ал катында Атаке бий «мындан ары аны таанып жүрүүгө» чакырып, эки аргымак тартуулаганын билдирген. Екатерина IIнин өзүнө жазган 2-катында орус өкмөтүнө көз каранды болуу же алардын бийлигин кабыл алуу тууралуу сөз айтылбайт. Каттын башында өз ата-тегин даңазалап келип, андан ары Орто Азия жана Чыгыш Түркстан аркылуу каттаган соода кербендерин кыргыз жери менен өткүдөй өзгөртүүнү колдоону суранган. Аны менен бирге «орус падышасына бир кул жана үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин» тартуулаганын жана ал белектерди жеткирүүнү «өз элчилери Абдрахман менен Ширгазыга тапшырганын» эскертет. Чүй өрөөнүнөн 1785-жылы июль айында чыккан элчилер 23-августа Омск шаарына келген. Борборго келүүгө расмий уруксат берилгенден кийин, поручик И. Сипайлов коштогон кыргыз элчилери Петербургга жөнөтүлгөн. 1786-жылы декабрь айында аларды падыша салтанат менен кабыл алган, ошондой эле Атаке баатырды 800, Абдыракманды 100, Шергазыны 25 күмүш акча менен сыйлоого буйрук берген. Борбордо жүргөндө Абдыракман Күчүк уулу сыркоолоп калып, аны артка кайтаруу бир топко кечеңдеген. Натыйжада Атаке бийге жооп кат жеткирүү соода кербенинин башчысы М. Агаферов менен казандык көпөс А. Нурмаматовго тапшырылат. Алар 1787-жылы октябрь айында Омскдан чыгып, Чүй – Ысык-Көлгө чейин келип, Атаке бийге Екатерина IIнин жообун тапшырып, кыргыздар тууралуу алгачкы кабар жыйнап кайтышкан. Бирок жиберген элчилеринин кечиккенине кабатыр болгон 1788-жылы жайында Атаке бий алардын кабарын билип келүүгө Абдыракмандын уулу Сатымбай башындагы экинчи элчиликти аттандырат. Алар Омск шаарына 2-августта жеткен. Аңгыча Сибирдеги орус бийлигине М. Агаферовдун кербени жолдон тонолгону, ал Атакенин уулдары Солтоной менен Байшүкүр колдуу болгону тууралуу кабар угулган. Тергөө иши башталып, Сатымбай ошол жерден кармалган. 1789-ж. январь айында Петербургдан Омскга кайтып келген Абдыракман Күчүк уулу Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү» кайтып келгенин билдирген катын жөнөткөн. Ал тергөө ишине катышып жүрүп, 1789-жылы 20-июнда Петропавловск шаарындагы мечитте дүйнөдөн кайткан.

Ад.: Плоских В. М., Сапаралиев Д. Новые данные о первом киргизском посольстве в Россию. //Известия Академии наук Киргизской ССР, № 2. 1982; Кыргызстан-Россия: История взаимооношений. XVIII-XIX вв. Сб. док. и материалов. Б., 1998.