Difference between revisions of "БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ"
м (1 версия) |
|||
(8 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ''' – [[Советтик Социалисттик Республикалар Союзун]] ([[СССР]]) жоюп, «[[Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги]]н (КМШ) түзүү тууралуу» макулдашылган документтер тобунун бейрасмий аталышы. Ал документтерге Беловежа токоюндагы ([[Беларус республикасы]]) «Вискули» өкмөттүк резиденциясында 1991-жылы 8-декабрда президенттер Б. Ельцин ([[Россия Федерациясы]]), Л. Кравчук ([[Украина]]) жана Беларустун Жогорку Советинин төрагасы С. Шушкевичтер кол коюп, анын негизинде Советтик Социалисттик Республикалар Союзу эл аралык укуктук субъекти катары өз жашоосун расмий токтоткон. Ага негизинен 1980-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башындагы Советтер Союзунун экономикасынын кескин солгундап (улуттук киреше төмөндөп, жумушсуздуктун көбөйүшү ж.б.), анын натыйжасында коомдук-саясий турмушундагы карама-каршылыктардын (өтө керектүү товарлардын кымбатташы, азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги ж.б.) күчөп чыгышы башкы себеп болгон. [[КПСС]] БКнын Башкы катчысы (1985–1991) М. [[Горбачев]] бир нече жыл бою жүргүзгөн экономикалык жана саясий реформалар (кайра куруу, экономиканы ыкчам өнүктүрүү, айкындуулук, демократиялаштыруу ж.б.) өлкөдө орун алган мындай абалды жөнгө салып, кризистен чыгууга жардам бере алган эмес. Ушундай кырдаалда 1991-жылдын 17-мартында СССРдин курамындагы 9 республикада (бардыгы 15 республика болгон) референдум өтүп, ага катышкан 76 %ден ашыгы Союзду сактап калууга добуш берген. Анын негизинде М. Горбачев республикалардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, союздук келишимдин жаңы долбоору иштелип чыккан. Бирок көпчүлүк республика жетекчилери ага каршы болуп, өздөрүнүн көз каранды эместигин жарыялашкандан кийин (1991-жылы 20-августтан 27-октябрга чейин 11 республика, анын ичинде [[Кыргызстан]] Союздан баш тарткан), кол коюу жөнүндө сүйлөшүүлөр туюкка кептелген. Борбордогу мурунку айрым коммунисттик жетекчилик ал келишимди «Совет мамлекетин кыйратуу аракети» катары карап, акыры 1991-жылы 18–21-август күндөрү төңкөрүш ([[ГКЧП]]) уюштурууга аракет кылышкан. Ал ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин камакка алынышы жана Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көз каранды эместигин алгачкылардан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы республикалар ([[Латвия]], [[Литва]], [[Эстония]]) СССРдин курамынан чыккандыгын жарыялашкан. Ушундай кырдаалда Украина республикалык [[референдум]] өткөрүү кадамына барып, 1991-жылы 1-декабрда өз мамлекетинин көз карандысыздыгын калктын 90%тен ашыгы колдоп чыкканына байланыштуу 5-декабрда президент Л. Кравчук өлкө 1922-жылдагы СССР түзүлгөн келишимден расмий чыга турганын жарыялаган. Натыйжада үч славян – Россия, Украина жана Беларус өлкө башчылары Беловежада өткөн сүйлөшүүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместигин белгилеп, жаңы шартка ылайык келген союз, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин түзүлгөнү тууралуу макулдашылган документке кол коюшкан. Анда [[БУ]]Унун Уставы, Хельсинки Корутунду актысынын принциптери ж.б. эл аралык милдеттенмелерге баш ийип, мурунку союздук бийлик органдарынын иш-аракети токтотула турганы айтылган. Аны менен бирге келишим түзүлгөн учурдан тарта кол койгон мамлекеттер үчүнчү мамлекеттин, анын ичинде мурдагы СССРдин нормаларын колдонууга жол берилбестиги белгиленген. Макулдашууда Шериктештиктин алкагындагы чек аралардын кол тийбестигине басым жасалып, алардын ачыктыгы жана мурунку республикалардын жарандары эркин жүрүүсүнө кепилдик берилген, ошондой эле тышкы саясат багытында ишмердүүлүктү координациялоо, бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча кызматташуу, бажы саясатын, транспорт жана коммуникация системаларын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ж.б. маслелер каралган. Бул макулдашуунун жыйынтыгы мурунку СССРдин союздук формадагы мамлекеттик түзүлүштү толук токтоткон. Ал макулдашуу 1991-жылы 10-декабрда Украина менен Беларус, 12-декабрда [[РСФСР]]дин Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган. 1991-жылы 21-декабрда [[Алма-Ата]] шаарында ([[Казакстан]]) мурдагы Литва, Латвия, Эстония жана [[Грузия]]дан башка 11 союздук республиканын жетекчиси КМШ түзүү жөнүндө 8-декабрдагы макулдашуу протоколуна кол коюшкан. Ага ылайык [[Азербайжан]], Казакстан, [[Түркмөнстан]], [[Тажикстан]], Кыргызстан жана [[Өзбекстан]] негиздөөчүлөр катары бирдей укукта Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине биригишкен. Ошол эле күнү КМШнын негизги максаттары жана принциптерин ырастаган декларацияга кол коюлуп, ал кийин «Алма-Ата декларациясы» деп аталып калган. 1992-жылы 6-мартта [[Кыргыз ССР Жогорку Совети]] Беловежа макулдашуусунун негизинде түзүлгөн Алма-Ата протоколун ратификациялаган. 1993-жылы 3-декабрда Грузия мамлекети расмий түрдө КМШга мүчө болуп кирип, 2009-жылы 18-августта ошол эле жол менен кайра чыккан. 1993-жылы 22-январда Минск шаарында (Беларус) өткөн КМШнын саммитинде Шериктештиктин Уставы кабыл алынып, ага Украина менен Түркмөнстан кол койбогондуктан алар де-юре түрүндө КМШга мүчө боло албай, бирок Шериктештикти негиздөөчү жана катышуучу мамлекет катары каралган. 2005-жылы 26-августта Казан шаарында өткөн КМШнын кезектеги саммитинде Түркмөнстан өзүн Шериктештикке бириккен мүчө катары катыша турганын жарыялаган. 2014-жылдан Украина иш жүзүндө Шериктештиктин иш-чараларына катышпайт жана ал уюмдан чыгуу тууралуу расмий түрдө билдирүү жасаган эмес. | |||
А. Орозов | |||
Ад.: Исаков В. Б. Расчленёнка. Кто и как развалил Советский Союз. Хроника. Документы. М., 1998; Станкевич З. А. История крушения СССР: политико-правовые аспекты. М., 2001. | |||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
14:47, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку версиясы
БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ – Советтик Социалисттик Республикалар Союзун (СССР) жоюп, «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин (КМШ) түзүү тууралуу» макулдашылган документтер тобунун бейрасмий аталышы. Ал документтерге Беловежа токоюндагы (Беларус республикасы) «Вискули» өкмөттүк резиденциясында 1991-жылы 8-декабрда президенттер Б. Ельцин (Россия Федерациясы), Л. Кравчук (Украина) жана Беларустун Жогорку Советинин төрагасы С. Шушкевичтер кол коюп, анын негизинде Советтик Социалисттик Республикалар Союзу эл аралык укуктук субъекти катары өз жашоосун расмий токтоткон. Ага негизинен 1980-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башындагы Советтер Союзунун экономикасынын кескин солгундап (улуттук киреше төмөндөп, жумушсуздуктун көбөйүшү ж.б.), анын натыйжасында коомдук-саясий турмушундагы карама-каршылыктардын (өтө керектүү товарлардын кымбатташы, азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги ж.б.) күчөп чыгышы башкы себеп болгон. КПСС БКнын Башкы катчысы (1985–1991) М. Горбачев бир нече жыл бою жүргүзгөн экономикалык жана саясий реформалар (кайра куруу, экономиканы ыкчам өнүктүрүү, айкындуулук, демократиялаштыруу ж.б.) өлкөдө орун алган мындай абалды жөнгө салып, кризистен чыгууга жардам бере алган эмес. Ушундай кырдаалда 1991-жылдын 17-мартында СССРдин курамындагы 9 республикада (бардыгы 15 республика болгон) референдум өтүп, ага катышкан 76 %ден ашыгы Союзду сактап калууга добуш берген. Анын негизинде М. Горбачев республикалардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, союздук келишимдин жаңы долбоору иштелип чыккан. Бирок көпчүлүк республика жетекчилери ага каршы болуп, өздөрүнүн көз каранды эместигин жарыялашкандан кийин (1991-жылы 20-августтан 27-октябрга чейин 11 республика, анын ичинде Кыргызстан Союздан баш тарткан), кол коюу жөнүндө сүйлөшүүлөр туюкка кептелген. Борбордогу мурунку айрым коммунисттик жетекчилик ал келишимди «Совет мамлекетин кыйратуу аракети» катары карап, акыры 1991-жылы 18–21-август күндөрү төңкөрүш (ГКЧП) уюштурууга аракет кылышкан. Ал ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин камакка алынышы жана Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көз каранды эместигин алгачкылардан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы республикалар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин курамынан чыккандыгын жарыялашкан. Ушундай кырдаалда Украина республикалык референдум өткөрүү кадамына барып, 1991-жылы 1-декабрда өз мамлекетинин көз карандысыздыгын калктын 90%тен ашыгы колдоп чыкканына байланыштуу 5-декабрда президент Л. Кравчук өлкө 1922-жылдагы СССР түзүлгөн келишимден расмий чыга турганын жарыялаган. Натыйжада үч славян – Россия, Украина жана Беларус өлкө башчылары Беловежада өткөн сүйлөшүүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместигин белгилеп, жаңы шартка ылайык келген союз, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин түзүлгөнү тууралуу макулдашылган документке кол коюшкан. Анда БУУнун Уставы, Хельсинки Корутунду актысынын принциптери ж.б. эл аралык милдеттенмелерге баш ийип, мурунку союздук бийлик органдарынын иш-аракети токтотула турганы айтылган. Аны менен бирге келишим түзүлгөн учурдан тарта кол койгон мамлекеттер үчүнчү мамлекеттин, анын ичинде мурдагы СССРдин нормаларын колдонууга жол берилбестиги белгиленген. Макулдашууда Шериктештиктин алкагындагы чек аралардын кол тийбестигине басым жасалып, алардын ачыктыгы жана мурунку республикалардын жарандары эркин жүрүүсүнө кепилдик берилген, ошондой эле тышкы саясат багытында ишмердүүлүктү координациялоо, бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча кызматташуу, бажы саясатын, транспорт жана коммуникация системаларын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ж.б. маслелер каралган. Бул макулдашуунун жыйынтыгы мурунку СССРдин союздук формадагы мамлекеттик түзүлүштү толук токтоткон. Ал макулдашуу 1991-жылы 10-декабрда Украина менен Беларус, 12-декабрда РСФСРдин Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган. 1991-жылы 21-декабрда Алма-Ата шаарында (Казакстан) мурдагы Литва, Латвия, Эстония жана Грузиядан башка 11 союздук республиканын жетекчиси КМШ түзүү жөнүндө 8-декабрдагы макулдашуу протоколуна кол коюшкан. Ага ылайык Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан негиздөөчүлөр катары бирдей укукта Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине биригишкен. Ошол эле күнү КМШнын негизги максаттары жана принциптерин ырастаган декларацияга кол коюлуп, ал кийин «Алма-Ата декларациясы» деп аталып калган. 1992-жылы 6-мартта Кыргыз ССР Жогорку Совети Беловежа макулдашуусунун негизинде түзүлгөн Алма-Ата протоколун ратификациялаган. 1993-жылы 3-декабрда Грузия мамлекети расмий түрдө КМШга мүчө болуп кирип, 2009-жылы 18-августта ошол эле жол менен кайра чыккан. 1993-жылы 22-январда Минск шаарында (Беларус) өткөн КМШнын саммитинде Шериктештиктин Уставы кабыл алынып, ага Украина менен Түркмөнстан кол койбогондуктан алар де-юре түрүндө КМШга мүчө боло албай, бирок Шериктештикти негиздөөчү жана катышуучу мамлекет катары каралган. 2005-жылы 26-августта Казан шаарында өткөн КМШнын кезектеги саммитинде Түркмөнстан өзүн Шериктештикке бириккен мүчө катары катыша турганын жарыялаган. 2014-жылдан Украина иш жүзүндө Шериктештиктин иш-чараларына катышпайт жана ал уюмдан чыгуу тууралуу расмий түрдө билдирүү жасаган эмес.
А. Орозов
Ад.: Исаков В. Б. Расчленёнка. Кто и как развалил Советский Союз. Хроника. Документы. М., 1998; Станкевич З. А. История крушения СССР: политико-правовые аспекты. М., 2001.