Difference between revisions of "ГЕНУЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022_2vol>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(1922) – экономика ж-a финансы маселелери б-ча эл аралык конференция. 10-апрелден 19-майга чейин Генуя ш-нда (Италия) өтүп, ага 29 мамлекеттин (Австрия, Албания, Бельгия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Исландия, Испания, Италия, Латвия, Литва, Люксембург, Нидерланд, Норвегия, Польша, Португалия, РСФСР, Румыния, Серб, хорват ж-а словен королдуктары, Финляндия, Франция, Чехословакия, Швейцария, Швеция, Эстония, Япония, о. эле 5 британдык доминиондор – Австралия, Индия, Канада, Жаңы Зеландия ж-а Түш. Африка Союзу) өкүлү катышкан. РСФСР делегациясынын жетекчиси В. И. Ленин Генуяга бара албагандыктан, орун басары Г. В. Чичеринди жиберген. РСФСР делегациясынын курамына Л. Б. Красин, М. М. Литвинов, В. В. Воровский, Я. Э. Рудзутак, А. А. Иоффе, Х. Г. Раковский, Н. И. Нариманов, Б. Мдивани, А. Бекзадян, А. Г. Шляпниковдор кирген. Делегация жалаң эле РСФСРдин эмес, бардык советтик республикалардын (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Бухара, Грузия, Украина, Хорезм, о. эле Ыраакы Чыгыш республикаларынын таламдарын жактаган. Конференция Улуу Британиянын демилгеси м-н чакырылган. АКШ Г. конф-ясынын ишине катышуудан баш тарткан, ага Американын Италиядагы элчиси Р. Чайлд байкоочулар тарабынан сунушталган. Г. конф-ясына катышкан Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү арасында Д. Ллойд Джордж, Дж. Н. Керзон (Великобритания), К. Й. Вирт, В. Ратенау (Германия), Л. Факта (Италия), Л. Барту, К. Баррер (Франция) ж. б. активдүү роль ойногон. Г. конф-ясынын расмий максаты Борб. ж-a Чыгыш Европаны экон. жагынан калыбына келтирүү эле, бирок иш жүзүндө империалисттик өлкөлөр саясий ж-a экон. жактан Совет өлкөсүнө кысым жасап, Россияда «тынчтык жолу м-н» капитализмди кайра орноткулары келген. Капиталисттик өлкөлөр бирдиктүү антисоветтик фронт түзөбүз деп коркутуп, Россиянын падышалык ж-a Убактылуу өкмөттөрүнүн карыздарынын баарын Совет өкмөтүнө жүктөө, чет өлкөлүк капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттештирген ишканаларын өздөрүнө кайтаруу, тышкы соодада монополияны жойдуруу сыяктуу талаптар койгон. Бирок советтик делегация В. И. Лениндин көрсөтмөсү б-ча бул талаптардын баарын четке кагып, чет элдик интервенция ж-a блокада Совет мамлекетине канча зыян (39 млрд алтын акча) келтирсе, ошонун баарын төлөп берүүнү талап кылып, кайра империалисттик өлкөлөргө доо койгон. Советтик дипломатия Генуя конф-ясынын жүрүшүндө империалисттик өлкөлөрдүн ич ара пикир келишпестиктеринен пайдаланып, алардын бирдиктүү фронтун бузуп, Германия м-н Рапалл келишимин түзгөн.

'''ГЕНУЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ('''1922''')''' – экономика жанa финансы маселелери боюнча эл аралык конференция. 10-апрелден 19-майга чейин Генуя шаарында (Италия) өтүп, ага 29 өлкө  катышкан. РСФСР делегациясынын жетекчиси В. И. Ленин Генуяга бара албагандыктан, орун басары Г. В. Чичеринди жиберген. РСФСР делегациясынын курамына Л. Б. Красин, М. М. Литвинов, В. В. Воровский, Я. Э. Рудзутак, А. А. Иоффе ж. б. кирген. Делегация жалаң эле РСФСРдин эмес, бардык советтик республикалардын (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Бухара ж. б.таламдарын жактаган. Конференция Улуу Британиянын демилгеси менен чакырылган. АКШ Генуя конференциясынын ишине катышуудан баш тарткан. Генуя  конференциясына катышкан Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү арасында Д. Ллойд Джордж, Дж. Н. Керзон (Великобритания), К. Й. Вирт, В. Ратенау (Германия), Л. Факта (Италия), Л. Барту, К. Баррер (Франция) ж. б. активдүү роль ойногон. Генуя  конференциясынын расмий максаты Борбордук жанa Чыгыш Европанын экономикасын калыбына келтирүү эле, бирок иш жүзүндө империалисттик өлкөлөр саясий жанa экономикалык жактан Совет өлкөсүнө кысым жасап, Россияда «тынчтык жолу менен» капитализмди кайра орнотууну көздөгөн. Капиталисттик өлкөлөр бирдиктүү антисоветтик фронт түзөбүз деп коркутуп, Россиянын падышалык жанa Убактылуу өкмөттөрүнүн карыздарынын баарын Совет өкмөтүнө жүктөө, чет өлкөлүк капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттештирген ишканаларын өздөрүнө кайтаруу, тышкы соодада монополияны жойдуруу сыяктуу талаптарды койгон. Бирок советтик делегация В. И. Лениндин көрсөтмөсү боюнча бул талаптардын баарын четке кагып, чет элдик интервенция жанa блокада Совет мамлекетине канча зыян (39 млрд алтын акча) келтирсе, ошонун баарын төлөп берүүнү талап кылып, кайра империалисттик өлкөлөргө доо койгон. Советтик дипломатия Генуя конференциясынын жүрүшүндө империалисттик өлкөлөрдүн ич ара пикир келишпестиктеринен пайдаланып, алардын бирдиктүү фронтун бузуп, Германия менен Рапалл келишимин түзгөн.

[[Категория:Жаңы макалалар]]

11:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

ГЕНУЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922) – экономика жанa финансы маселелери боюнча эл аралык конференция. 10-апрелден 19-майга чейин Генуя шаарында (Италия) өтүп, ага 29 өлкө катышкан. РСФСР делегациясынын жетекчиси В. И. Ленин Генуяга бара албагандыктан, орун басары Г. В. Чичеринди жиберген. РСФСР делегациясынын курамына Л. Б. Красин, М. М. Литвинов, В. В. Воровский, Я. Э. Рудзутак, А. А. Иоффе ж. б. кирген. Делегация жалаң эле РСФСРдин эмес, бардык советтик республикалардын (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Бухара ж. б.) таламдарын жактаган. Конференция Улуу Британиянын демилгеси менен чакырылган. АКШ Генуя конференциясынын ишине катышуудан баш тарткан. Генуя конференциясына катышкан Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү арасында Д. Ллойд Джордж, Дж. Н. Керзон (Великобритания), К. Й. Вирт, В. Ратенау (Германия), Л. Факта (Италия), Л. Барту, К. Баррер (Франция) ж. б. активдүү роль ойногон. Генуя конференциясынын расмий максаты Борбордук жанa Чыгыш Европанын экономикасын калыбына келтирүү эле, бирок иш жүзүндө империалисттик өлкөлөр саясий жанa экономикалык жактан Совет өлкөсүнө кысым жасап, Россияда «тынчтык жолу менен» капитализмди кайра орнотууну көздөгөн. Капиталисттик өлкөлөр бирдиктүү антисоветтик фронт түзөбүз деп коркутуп, Россиянын падышалык жанa Убактылуу өкмөттөрүнүн карыздарынын баарын Совет өкмөтүнө жүктөө, чет өлкөлүк капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттештирген ишканаларын өздөрүнө кайтаруу, тышкы соодада монополияны жойдуруу сыяктуу талаптарды койгон. Бирок советтик делегация В. И. Лениндин көрсөтмөсү боюнча бул талаптардын баарын четке кагып, чет элдик интервенция жанa блокада Совет мамлекетине канча зыян (39 млрд алтын акча) келтирсе, ошонун баарын төлөп берүүнү талап кылып, кайра империалисттик өлкөлөргө доо койгон. Советтик дипломатия Генуя конференциясынын жүрүшүндө империалисттик өлкөлөрдүн ич ара пикир келишпестиктеринен пайдаланып, алардын бирдиктүү фронтун бузуп, Германия менен Рапалл келишимин түзгөн.