Difference between revisions of "БАГА"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БАГА''', б а г ‒ байыркы Кыргыз мамлекетиндеги аймактык башкаруу бирдиги; аскердик титул; каган тарабынан дайындалган аймактын башкаруучусу. Кыргыз мамлекети 9-кылымдын орто ченинде алты аймакка бөлүнгөн; аларга азыркы Хакас-Минусин ойдуӊу, Краснояр крайынын түштүгү, Тува, Тоолуу Алтайдын бир бөлүгү, Моӊголия <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ага чектеш аймактар кирген. Тувадагы Өөк Тарлактан табылган байыркы кыргыздарга таандык эстеликте: «...атым Эл Туган Тутук бен (мен). Теӊири элимке элчиси эртим. Алты баг будунгка [элге] эр [тим]» ‒ деген саптар (мында «баг» уруу деген мааниде колдонулуп, «алты уруу элге бек элем» деп айтылып жатат) жазылган.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
11:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
БАГА, б а г ‒ байыркы Кыргыз мамлекетиндеги аймактык башкаруу бирдиги; аскердик титул; каган тарабынан дайындалган аймактын башкаруучусу. Кыргыз мамлекети 9-кылымдын орто ченинде алты аймакка бөлүнгөн; аларга азыркы Хакас-Минусин ойдуӊу, Краснояр крайынын түштүгү, Тува, Тоолуу Алтайдын бир бөлүгү, Моӊголия жана ага чектеш аймактар кирген. Тувадагы Өөк Тарлактан табылган байыркы кыргыздарга таандык эстеликте: «...атым Эл Туган Тутук бен (мен). Теӊири элимке элчиси эртим. Алты баг будунгка [элге] эр [тим]» ‒ деген саптар (мында «баг» уруу деген мааниде колдонулуп, «алты уруу элге бек элем» деп айтылып жатат) жазылган.