Difference between revisions of "БАВАРИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)

м (→‎top: категория кошуу)

(7 intermediate revisions by 6 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ Германиянын түш.-чыгышындагы тарыхый обл. ж-а админ. аймактык бирдик. Аянты 70,6 миӊ ''км''2. Калкы 12,5 млн (2010). Админ. борбору ‒ Мюнхен ш. Ири шаарлары: Нюрнберг, Аугсбург, Регенсбург. «Б.» аталышы 6-к-дын ортосунда азыркы Б. аймагынын көбүн ж-а андан түш. ж-а чыгыш жерлерин мекендеген ''баварлар'' уруусунун атынан келип чыккан. Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-ж. герцог Тассилон IIIнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-к-дын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10‒13-к-да Б. герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет. Герцог Альбрехт IVнүн (1467‒1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Б. 16‒17-к-да Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-к-дын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801‒13-ж. Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-ж. Б. Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия м-н жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-ж. Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-ж-дагы Ноябрь рев-ясынын натыйжасында Б-да респ. өкмөт түзүлөт. 1919-ж. апрелде башында коммунисттер турган Бавария Сов. Респ. түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) б-ча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Б-да улутчул социал. (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933‒45) Б. фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюрнбергде бул партиянын съезди өтүп
'''БАВАРИЯ'''‒ Германиянын түштүк-чыгышындагы тарыхый облус жана администрациялык аймактык бирдик. Аянты 70,6 миӊ ''км''2. Калкы 12,5 млн (2010). Администрациялык борбору ‒ Мюнхен ш. Ири шаарлары: Нюрнберг, Аугсбург, Регенсбург. «Бавария» аталышы 6-кылымдын ортосунда азыркы Бавария аймагынын көбүн жана андан түштүк жана чыгыш жерлерин мекендеген ''баварлар'' уруусунун атынан келип чыккан. Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-жылы герцог Тассилон IIIнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-кылымдын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10‒13-кылымдарда Бавария  герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет. Герцог Альбрехт IVнүн (1467‒1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Бавария  16‒17-кылымдарда Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-кылымдын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801‒13-жылдары Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-жылы Бавария Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-жылы  Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-жылдагы Ноябрь революциясынын натыйжасында Баварияда республикалык өкмөт түзүлөт. 1919-жылы апрелде башында коммунисттер турган Бавария Советтик  Республикасы  түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) боюнча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Баварияда улутчул социалдык  (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933‒45) Бавария фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюрнбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-жылы Бавария  америкалык  оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Бавария  ГФРдин жери катары анын курамында.
турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-ж. Б. амер. оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Б. ГФРдин жери катары анын курамында.

''Ш. Керимова''

[[Категория:1-Том]]

11:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БАВАРИЯ‒ Германиянын түштүк-чыгышындагы тарыхый облус жана администрациялык аймактык бирдик. Аянты 70,6 миӊ км2. Калкы 12,5 млн (2010). Администрациялык борбору ‒ Мюнхен ш. Ири шаарлары: Нюрнберг, Аугсбург, Регенсбург. «Бавария» аталышы 6-кылымдын ортосунда азыркы Бавария аймагынын көбүн жана андан түштүк жана чыгыш жерлерин мекендеген баварлар уруусунун атынан келип чыккан. Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-жылы герцог Тассилон IIIнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-кылымдын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10‒13-кылымдарда Бавария герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет. Герцог Альбрехт IVнүн (1467‒1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Бавария 16‒17-кылымдарда Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-кылымдын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801‒13-жылдары Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-жылы Бавария Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-жылы Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-жылдагы Ноябрь революциясынын натыйжасында Баварияда республикалык өкмөт түзүлөт. 1919-жылы апрелде башында коммунисттер турган Бавария Советтик Республикасы түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) боюнча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Баварияда улутчул социалдык (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933‒45) Бавария фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюрнбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-жылы Бавария америкалык оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Бавария ГФРдин жери катары анын курамында.

Ш. Керимова