Difference between revisions of "АШУРА"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АШУРА‒''' 1) алгач Мухаммед тарабынан иудейлерден кабыл алган 10-мухаррам (мусулман календарынын 1-айы) күнүндө орозо тутуу; кийин рамазан айында сөзсүз түрдө орозо тутуу киргизилгенден кийин | '''АШУРА‒''' 1) алгач Мухаммед тарабынан иудейлерден кабыл алган 10-мухаррам (мусулман календарынын 1-айы) күнүндө орозо тутуу; кийин рамазан айында сөзсүз түрдө орозо тутуу киргизилгенден кийин Ашурада орозо тутуу ар кимдин өз эрки болуп калган. 2) Шиит имамы ал-Хусейин ибн Алинин эскерип аза күтүү күнү. Бул күнү, башкача айтканда 680-жылы 10-октябрда (хижранын 61-жылынын 10-мухаррамасында) Кербелдин алдындагы салгылашууда имам ал-Хусейин, анын бир тууганы Аббас <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> 70 жөкөрү кыйнап өлтүрүлгөн. Жыл сайын эскерүү иретинде Иран <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Иракта мечит, медреселерде, жыйындарда ал-Хусейин <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> анын курман болгон жакындары тууралуу баяндар окулуп, көчөлөрдө жүрүштөр (катышуучуларынын айрымдары өздөрүн ургулап, денесине залакат келтиришет) өткөрүлөт. Сунниттер бул аза күтүү күнүн шииттерден айырмаланып, тынч өткөрүшкөн.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
11:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АШУРА‒ 1) алгач Мухаммед тарабынан иудейлерден кабыл алган 10-мухаррам (мусулман календарынын 1-айы) күнүндө орозо тутуу; кийин рамазан айында сөзсүз түрдө орозо тутуу киргизилгенден кийин Ашурада орозо тутуу ар кимдин өз эрки болуп калган. 2) Шиит имамы ал-Хусейин ибн Алинин эскерип аза күтүү күнү. Бул күнү, башкача айтканда 680-жылы 10-октябрда (хижранын 61-жылынын 10-мухаррамасында) Кербелдин алдындагы салгылашууда имам ал-Хусейин, анын бир тууганы Аббас жана 70 жөкөрү кыйнап өлтүрүлгөн. Жыл сайын эскерүү иретинде Иран жана Иракта мечит, медреселерде, жыйындарда ал-Хусейин жана анын курман болгон жакындары тууралуу баяндар окулуп, көчөлөрдө жүрүштөр (катышуучуларынын айрымдары өздөрүн ургулап, денесине залакат келтиришет) өткөрүлөт. Сунниттер бул аза күтүү күнүн шииттерден айырмаланып, тынч өткөрүшкөн.