Difference between revisions of "АТА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АТА‒''' 1) балалуу болгон эркектин сыймыктуу аты. А. кыргыздарда жакындыкты, туугандыкты да түшүндүрөт. А. балдарына карата бир нече түргө бөлүнөт: чоӊ А. ‒ атасынын атасы; тай А. ‒ энесиники; аяш А. ‒ атасынын досу же өзүнүн досунун атасы; киндик А. ‒ бала төрөлгөндө анын киндигин кескен аялдын күйөөсү; өгөй А. ‒ энесинин кийинки күйөөсү; кайын А. ‒ аялынын атасы; өкүл А., о. эле өкүл апа ‒ жаӊыдан никелешкенде ата-энесинин жана өздөрүнүн каалоосу б-ча (айрым жерлерде келинге ‒ күйөөсүнүн туугандарынан, күйөөсүнө ‒ келиндин төркүндөрүнөн) дайындалган калыс өкүлдөр; жети А. же ата-баба ‒ чоӊ А-нын атасы буба, бубаныкы ‒ баба, бабаныкы ‒ жото, жотонуку ‒ кубаары, аныкы ‒ жете, жетеники ‒ тек. Андан ары урук, уруу, улут болуп кетет. Кыргызда «жети А-сын билбеген ‒ жетесиз кул» деп айтылат жана жети А. өтмөйүнчө кыз алышууга тыюу салынат. 2) Жалпы эле улгайган эркекке карата урматтап кайрылуу. 3) Мифтик түшүнүк б-ча үй айбандарынын колдоочусу. Мис., чолпон А. (койдуку); камбар А. (жылкыныкы); чычаӊ А. (эчкиники); ойсул А. (төөнүкү); 4) Өнөргө, акылга байланыштуу улуу, сыймыктуу деген мааниде колдонулат. Мис., күү А-сы Камбаркан; эл А-сы ‒ алп Манас; калк А-сы ‒ эр Бакай; сын А-сы ‒ Толубай; ыр А-сы ‒ Токтогул ж. б. 5) А. мекен ‒ туулуп өскөн жер, о. эле. А. конуш же А. журт ‒ ата-бабасы жердеп келген жер.

'''АТА‒''' 1) балалуу болгон эркектин сыймыктуу аты. Ата кыргыздарда жакындыкты, туугандыкты да түшүндүрөт. Ата балдарына карата бир нече түргө бөлүнөт: чоӊ Ата ‒ атасынын атасы; тай Ата ‒ энесиники; аяш Ата ‒ атасынын досу же өзүнүн досунун атасы; киндик Ата ‒ бала төрөлгөндө анын киндигин кескен аялдын күйөөсү; өгөй Ата ‒ энесинин кийинки күйөөсү; кайын Ата ‒ аялынын атасы; өкүл Ата, ошондой эле өкүл апа ‒ жаӊыдан никелешкенде ата-энесинин жана өздөрүнүн каалоосу боюнча (айрым жерлерде келинге ‒ күйөөсүнүн туугандарынан, күйөөсүнө ‒ келиндин төркүндөрүнөн) дайындалган калыс өкүлдөр; жети Ата же ата-баба ‒ чоӊ Атанын атасы буба, бубаныкы ‒ баба, бабаныкы ‒ жото, жотонуку ‒ кубаары, аныкы ‒ жете, жетеники ‒ тек. Андан ары урук, уруу, улут болуп кетет. Кыргызда «жети Атасын билбеген ‒ жетесиз кул» деп айтылат жана жети Ата өтмөйүнчө кыз алышууга тыюу салынат. 2) Жалпы эле улгайган эркекке карата урматтап кайрылуу. 3) Мифтик түшүнүк боюнча үй айбандарынын колдоочусу. Мисалы, чолпон Ата (койдуку); камбар Ата (жылкыныкы); чычаӊ Ата (эчкиники); ойсул Ата (төөнүкү); 4) Өнөргө, акылга байланыштуу улуу, сыймыктуу деген мааниде колдонулат. Мисалы, күү Атасы Камбаркан; эл Атасы ‒ алп Манас; калк Атасы ‒ эр Бакай; сын Атасы ‒ Толубай; ыр Атасы ‒ Токтогул ж. б. 5) Ата мекен ‒ туулуп өскөн жер, ошондой эле   Ата конуш же Ата журт ‒ ата-бабасы жердеп келген жер.

[[Категория:1-Том]]

10:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТА‒ 1) балалуу болгон эркектин сыймыктуу аты. Ата кыргыздарда жакындыкты, туугандыкты да түшүндүрөт. Ата балдарына карата бир нече түргө бөлүнөт: чоӊ Ата ‒ атасынын атасы; тай Ата ‒ энесиники; аяш Ата ‒ атасынын досу же өзүнүн досунун атасы; киндик Ата ‒ бала төрөлгөндө анын киндигин кескен аялдын күйөөсү; өгөй Ата ‒ энесинин кийинки күйөөсү; кайын Ата ‒ аялынын атасы; өкүл Ата, ошондой эле өкүл апа ‒ жаӊыдан никелешкенде ата-энесинин жана өздөрүнүн каалоосу боюнча (айрым жерлерде келинге ‒ күйөөсүнүн туугандарынан, күйөөсүнө ‒ келиндин төркүндөрүнөн) дайындалган калыс өкүлдөр; жети Ата же ата-баба ‒ чоӊ Атанын атасы буба, бубаныкы ‒ баба, бабаныкы ‒ жото, жотонуку ‒ кубаары, аныкы ‒ жете, жетеники ‒ тек. Андан ары урук, уруу, улут болуп кетет. Кыргызда «жети Атасын билбеген ‒ жетесиз кул» деп айтылат жана жети Ата өтмөйүнчө кыз алышууга тыюу салынат. 2) Жалпы эле улгайган эркекке карата урматтап кайрылуу. 3) Мифтик түшүнүк боюнча үй айбандарынын колдоочусу. Мисалы, чолпон Ата (койдуку); камбар Ата (жылкыныкы); чычаӊ Ата (эчкиники); ойсул Ата (төөнүкү); 4) Өнөргө, акылга байланыштуу улуу, сыймыктуу деген мааниде колдонулат. Мисалы, күү Атасы Камбаркан; эл Атасы ‒ алп Манас; калк Атасы ‒ эр Бакай; сын Атасы ‒ Толубай; ыр Атасы ‒ Токтогул ж. б. 5) Ата мекен ‒ туулуп өскөн жер, ошондой эле Ата конуш же Ата журт ‒ ата-бабасы жердеп келген жер.