Difference between revisions of "АТ-ОЙНОК КЫРКА ТООСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Батыш Теӊир-Тоо до. Кара-Суу (оӊ), Кара-Кулжа сууларынын (Узун-Акматтын оӊ куймасы) ж-а Нарындын төмөнкү куймаларынын (Ит-Сай, Ак-Сай-Башы, Токтобек-Сай, Томатерек ж. б.) аралыгында. Талас Ала-Тоосу м-н Чаткал кырка тоосу тутумдашкан жерден түш.-чыгышка карай (Нарын д-на чейин) 70 ''км''ге ийилип жатат; туурасы 16 ''км,'' орт. бийикт. 3300 ''м,'' эӊ бийик жери 3896 ''м.'' Тоонун суу бөлгүчү тик, аскалуу, ортонку бийик бөлүгүндө байыркы мөӊгүнүн калдыктары ‒ тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, мореналар кездешет. Түн. капталы кыска, тереӊ тилмеленген тар капчыгайлуу келип, Кара-Кулжа суусуна тик түшөт. Түш. ж-а түш.-чыгыш капталдары жазыраак, капчыгайлуу, тарамдашкан жарлуу тоо тармактарын түзүп, Кара-Сууга (оӊ) ж-а Нарын д-на акырындап эӊкейиштейт, ортоӊку девондун, карбондун 1700 ''м''ге чейинки калыӊдыктагы кумдук, алевролит, сланец, акиташ, конгломерат тектеринен турат; алар кеӊдик багыттагы тектон. жаракалар м-н бөлүнгөн. Тоодон Кара-Кулжа, Узун-Акмат, Кара-Суу (оӊ), Нарын д-нын көптөгөн куймалары башталат. Түн. капталында аянты 4‒5 ''км''2 келген көл бар. Ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт: жарым чөл ж-а талаа (2200 ''м'' бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2400 ''м''ге чейин), жаӊгак-жемиш токой аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2800 ''м''ге чейин), карагай, ак карагайлуу шалбаа (3000 ''м''ге чейин), субальп, альп шалбаасы (3600 ''м''ге чейин), андан жогору нивалдык -гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; жаӊгак ж-а ар кандай мөмө-жемиштер жыйналат. Кооз табиятын рекреацияда кеӊири пайдаланууга болот.

'''АТ-ОЙНОК КЫРКА ТООСУ--'''Батыш Теӊир-Тоодо. Кара-Суу (оӊ), Кара-Кулжа сууларынын (Узун-Акматтын оӊ куймасы) жана Нарындын төмөнкү куймаларынын (Ит-Сай, Ак-Сай-Башы, Токтобек-Сай, Томатерек ж. б.) аралыгында. Талас Ала-Тоосу менен Чаткал кырка тоосу тутумдашкан жерден түштүк-чыгышка карай (Нарын дарыясына чейин) 70 ''км''ге ийилип жатат; туурасы 16 ''км,'' орточо бийикт. 3300 ''м,'' эӊ бийик жери 3896 ''м.'' Тоонун суу бөлгүчү тик, аскалуу, ортонку бийик бөлүгүндө байыркы мөӊгүнүн калдыктары ‒ тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, мореналар кездешет. Түндүк капталы кыска, тереӊ тилмеленген тар капчыгайлуу келип, Кара-Кулжа суусуна тик түшөт. Түштүк жана түштүк-чыгыш капталдары жазыраак, капчыгайлуу, тарамдашкан жарлуу тоо тармактарын түзүп, Кара-Сууга (оӊ) жана Нарын дарыясына акырындап эӊкейиштейт, ортоӊку девондун, карбондун 1700 ''м''ге чейинки калыӊдыктагы кумдук, алевролит, сланец, акиташ, конгломерат тектеринен турат; алар кеӊдик багыттагы тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Тоодон Кара-Кулжа, Узун-Акмат, Кара-Суу (оӊ), Нарын дарыясынын көптөгөн куймалары башталат. Түндүк капталында аянты 4‒5 ''км''2келген көл бар. Ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт: жарым чөл жана талаа (2200 ''м'' бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2400 ''м''ге чейин), жаӊгак-жемиш токой аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2800 ''м''ге чейин), карагай, ак карагайлуу шалбаа (3000 ''м''ге чейин), субальп, альп шалбаасы (3600 ''м''ге чейин), андан жогору нивалдык -гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; жаӊгак жана ар кандай мөмө-жемиштер жыйналат. Кооз табиятын рекреацияда кеӊири пайдаланууга болот.

[[Категория:1-Том]]

10:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТ-ОЙНОК КЫРКА ТООСУ--Батыш Теӊир-Тоодо. Кара-Суу (оӊ), Кара-Кулжа сууларынын (Узун-Акматтын оӊ куймасы) жана Нарындын төмөнкү куймаларынын (Ит-Сай, Ак-Сай-Башы, Токтобек-Сай, Томатерек ж. б.) аралыгында. Талас Ала-Тоосу менен Чаткал кырка тоосу тутумдашкан жерден түштүк-чыгышка карай (Нарын дарыясына чейин) 70 кмге ийилип жатат; туурасы 16 км, орточо бийикт. 3300 м, эӊ бийик жери 3896 м. Тоонун суу бөлгүчү тик, аскалуу, ортонку бийик бөлүгүндө байыркы мөӊгүнүн калдыктары ‒ тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, мореналар кездешет. Түндүк капталы кыска, тереӊ тилмеленген тар капчыгайлуу келип, Кара-Кулжа суусуна тик түшөт. Түштүк жана түштүк-чыгыш капталдары жазыраак, капчыгайлуу, тарамдашкан жарлуу тоо тармактарын түзүп, Кара-Сууга (оӊ) жана Нарын дарыясына акырындап эӊкейиштейт, ортоӊку девондун, карбондун 1700 мге чейинки калыӊдыктагы кумдук, алевролит, сланец, акиташ, конгломерат тектеринен турат; алар кеӊдик багыттагы тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Тоодон Кара-Кулжа, Узун-Акмат, Кара-Суу (оӊ), Нарын дарыясынын көптөгөн куймалары башталат. Түндүк капталында аянты 4‒5 км2келген көл бар. Ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт: жарым чөл жана талаа (2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2400 мге чейин), жаӊгак-жемиш токой аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2800 мге чейин), карагай, ак карагайлуу шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаасы (3600 мге чейин), андан жогору нивалдык -гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; жаӊгак жана ар кандай мөмө-жемиштер жыйналат. Кооз табиятын рекреацияда кеӊири пайдаланууга болот.