Difference between revisions of "АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ''' – Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи Англия-Афган согуштары (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839- | '''АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ''' – Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи Англия-Афган согуштары (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-жылы Кандагар, Газни, Кабул шаарларын ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> аяктаган. 1842-жылдын аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Экинчи Англия-Афган согушу (1878–80) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жыйынтыкталган. Үчүнчү Англия-Афган согушунун (1919) башталышына Афган эмири ''Аманулла хандын'' Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган. | ||
[[Категория:1-Том]] |
09:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ – Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи Англия-Афган согуштары (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-жылы Кандагар, Газни, Кабул шаарларын ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү менен аяктаган. 1842-жылдын аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Экинчи Англия-Афган согушу (1878–80) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу жана Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу менен жыйынтыкталган. Үчүнчү Англия-Афган согушунун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган.