Difference between revisions of "АЛЕУТТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛЕУТТАР''' (өздөрүн у н а н г а н, у н а н г а с деп аташат) ‒ Алеут а-нын (АКШ) жерг. кал­кы. Аляска ж. а-нын түш. батышында, Рос­сиянын Командор а-нда да жашашат. АКШда 2300, РФте 482 киши (2010).
'''АЛЕУТТАР''' (өздөрүн у н а н г а н, у н а н г а с деп аташат) ‒ Алеут аралынын (АКШ) жергиликтүү  кал­кы. Аляска жарым  аралынын түштүк  батышында, Рос­сиянын Командор аралында да жашашат. АКШда 2300, РФте 482 киши (2010).
[[File:АЛЕУТТАР55.png | thumb|none]]
[[File:АЛЕУТТАР55.png | thumb|none]]
''Алеут тилинде ''сүйлөшөт. А-дын ата-бабалары болжол менен 10‒12 миӊ жыл илгери Аляскадагы өздөрүнө тектеш эскимостордон бөлүнүп келип, Алеут а-на отурукташкан. Алеут а. орустар тарабынан ачылгандыгы жана андагы жерг. тургундарды А. деп аташкандыгы тууралуу маалыматтар 1747-ж. документтерде кездешет. 1799‒1867-ж. Алеут а-н орус-америка компаниялары биргелешип башкарып турган. 1867-ж. Россия тарабынан Алеут а. жана Аляска ж. а. АКШга сатылган. Европалыктар келгенге чейин (18-к.) А. деӊиз жаныбарларына (деӊиз мышыгы, суу жолборс ж. б.) аӊчылык кылышкан, балык уулашкан, мөмө жыйнашкан. Жыгачтан, таштан, сөөктөн жасалган эмгек куралдарды колдонушкан. Алар негизинен деӊиз мышыгынын терисинен жасалган парка (туюк тон), камлейка (туюк жака, капюшондуу), деӊиз айбандарынын терисинен тигилген торбаса (бут кийим) кийишкен. Деӊиз жаныбарларынын, канаттуулардын, балыктын эти менен тамактанышкан. 1932-ж. Россияда Камчатка обл-нда Алеут улуттук р-ну, 1970-ж. АКШда чарба иштерин жөнгө сала турган Алеут аймактык корпорациясы түзүлгөн. Азыркы мезгилде чар
''Алеут тилинде ''сүйлөшөт. Алеуттардын ата-бабалары болжол менен 10‒12 миӊ жыл илгери Аляскадагы өздөрүнө тектеш эскимостордон бөлүнүп келип, Алеут аралына отурукташкан. Алеут аралы  орустар тарабынан ачылгандыгы жана андагы жергиликтүү  тургундарды алеуттар  деп аташкандыгы тууралуу маалыматтар 1747-жылдагы  документтерде кездешет. 1799‒1867-жылдары  Алеут аралын орус-америка компаниялары биргелешип башкарып турган. 1867-жылы  Россия тарабынан Алеут аралы  жана Аляска жарым  аралы  АКШга сатылган. Европалыктар келгенге чейин (18-кылым) алеуттар  деӊиз жаныбарларына (деӊиз мышыгы, суу жолборс ж. б.) аӊчылык кылышкан, балык уулашкан, мөмө жыйнашкан. Жыгачтан, таштан, сөөктөн жасалган эмгек куралдарды колдонушкан. Алар негизинен деӊиз мышыгынын терисинен жасалган парка (туюк тон), камлейка (туюк жака, капюшондуу), деӊиз айбандарынын терисинен тигилген торбаса (бут кийим) кийишкен. Деӊиз жаныбарларынын, канаттуулардын, балыктын эти менен тамактанышкан. 1932-жылы  Россияда Камчатка облусунда Алеут улуттук району, 1970-жылы  АКШда чарба иштерин жөнгө сала турган Алеут аймактык корпорациясы түзүлгөн. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаӊы тармактары: айбанаттар (норка) чарбасы, мал чарбачылык, бакчачылык өнүгүп жатат.

бачылыктын жаӊы тармактары: айбанаттар (норка) чарбасы, мал чарбачылык, бакчачылык өнүгүп жатат.

[[Категория:1-Том]]

09:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛЕУТТАР (өздөрүн у н а н г а н, у н а н г а с деп аташат) ‒ Алеут аралынын (АКШ) жергиликтүү кал­кы. Аляска жарым аралынын түштүк батышында, Рос­сиянын Командор аралында да жашашат. АКШда 2300, РФте 482 киши (2010).

АЛЕУТТАР55.png

Алеут тилинде сүйлөшөт. Алеуттардын ата-бабалары болжол менен 10‒12 миӊ жыл илгери Аляскадагы өздөрүнө тектеш эскимостордон бөлүнүп келип, Алеут аралына отурукташкан. Алеут аралы орустар тарабынан ачылгандыгы жана андагы жергиликтүү тургундарды алеуттар деп аташкандыгы тууралуу маалыматтар 1747-жылдагы документтерде кездешет. 1799‒1867-жылдары Алеут аралын орус-америка компаниялары биргелешип башкарып турган. 1867-жылы Россия тарабынан Алеут аралы жана Аляска жарым аралы АКШга сатылган. Европалыктар келгенге чейин (18-кылым) алеуттар деӊиз жаныбарларына (деӊиз мышыгы, суу жолборс ж. б.) аӊчылык кылышкан, балык уулашкан, мөмө жыйнашкан. Жыгачтан, таштан, сөөктөн жасалган эмгек куралдарды колдонушкан. Алар негизинен деӊиз мышыгынын терисинен жасалган парка (туюк тон), камлейка (туюк жака, капюшондуу), деӊиз айбандарынын терисинен тигилген торбаса (бут кийим) кийишкен. Деӊиз жаныбарларынын, канаттуулардын, балыктын эти менен тамактанышкан. 1932-жылы Россияда Камчатка облусунда Алеут улуттук району, 1970-жылы АКШда чарба иштерин жөнгө сала турган Алеут аймактык корпорациясы түзүлгөн. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаӊы тармактары: айбанаттар (норка) чарбасы, мал чарбачылык, бакчачылык өнүгүп жатат.