Difference between revisions of "АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ''' ‒ кандайдыр бир ил. теорияны түзүү ыкмасы. Бул ыкманын негизинде теориянын аксиомалары деп аталган теориянын негизги баштапкы жоболорунун жардамы м-н анын калган сүйлөмдөрүнүн бардыгы аксиомалардын логикалык жыйынтыгы катары алынат. Ал адегенде Евклиддин «Башталыштарында» (б. з. ч. 300-ж.) геометрия негизделгенде жарык көргөн. Н. И. Лобачевский ж-а Я. Больяйдын 19-к-дын башында Евклиддик эмес геометрияны ачышы анын өнүгүшүнө түрткү берген. А. ы-нын негизинде элементардык геометриянын логикалык модели тургузулган (М. Паша, Дж. Пеано, Д. Гильберт). Анын жаӊы деӊгээлдеги өнүгүшү Д. Гильберт негиздеген математиканын негиздериндеги формализм методуна таянган, ал топологияга да таркаган. А. ы. каалагандай көптүктө топологиянын аксиоматикалык аныкталышы, топологиялык мейкиндиктин өлчөмү ''dim, ind, lnd''‒ аксиоматикалык аныкталыштары ж. б. ''Ад''.: ''Александров П.С., Пасынков Б. А''. Введение в теорию размерности. М., 1973.                                         
'''АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ''' ‒ кандайдыр бир илимий теорияны түзүү ыкмасы. Бул ыкманын негизинде теориянын аксиомалары деп аталган теориянын негизги баштапкы жоболорунун жардамы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> анын калган сүйлөмдөрүнүн бардыгы аксиомалардын логикалык жыйынтыгы катары алынат. Ал адегенде Евклиддин «Башталыштарында» (б. з. ч. 300-жыл) геометрия негизделгенде жарык көргөн. Н. И. Лобачевский <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Я. Больяйдын 19-кылымдын башында Евклиддик эмес геометрияны ачышы анын өнүгүшүнө түрткү берген. Аксиоматика  ыкмасынын негизинде элементардык геометриянын логикалык модели тургузулган (М. Паша, Дж. Пеано, Д. Гильберт). Анын жаӊы деӊгээлдеги өнүгүшү Д. Гильберт негиздеген математиканын негиздериндеги формализм методуна таянган, ал топологияга да таркаган. Аксиоматика ыкмасы каалагандай көптүктө топологиянын аксиоматикалык аныкталышы, топологиялык мейкиндиктин өлчөмү ''dim, ind, lnd''‒ аксиоматикалык аныкталыштары ж. б.                                        
 
''Ад''.: ''Александров П.С., Пасынков Б. А''. Введение в теорию размерности. М., 1973.                                         


''А. А. Чекеев.'' <br>
''А. А. Чекеев.'' <br>
[[Категория:1-Том]]

09:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ ‒ кандайдыр бир илимий теорияны түзүү ыкмасы. Бул ыкманын негизинде теориянын аксиомалары деп аталган теориянын негизги баштапкы жоболорунун жардамы менен анын калган сүйлөмдөрүнүн бардыгы аксиомалардын логикалык жыйынтыгы катары алынат. Ал адегенде Евклиддин «Башталыштарында» (б. з. ч. 300-жыл) геометрия негизделгенде жарык көргөн. Н. И. Лобачевский жана Я. Больяйдын 19-кылымдын башында Евклиддик эмес геометрияны ачышы анын өнүгүшүнө түрткү берген. Аксиоматика ыкмасынын негизинде элементардык геометриянын логикалык модели тургузулган (М. Паша, Дж. Пеано, Д. Гильберт). Анын жаӊы деӊгээлдеги өнүгүшү Д. Гильберт негиздеген математиканын негиздериндеги формализм методуна таянган, ал топологияга да таркаган. Аксиоматика ыкмасы каалагандай көптүктө топологиянын аксиоматикалык аныкталышы, топологиялык мейкиндиктин өлчөмү dim, ind, lnd‒ аксиоматикалык аныкталыштары ж. б.

Ад.: Александров П.С., Пасынков Б. А. Введение в теорию размерности. М., 1973.

А. А. Чекеев.