Difference between revisions of "АКМОЛО ОБЛУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Россия империясынын курамына кирген Сибирдеги Кыргыз облусу. Өз алдынча адм.-айм. бирдик болгон. Батыш Сибирдин түш.-батышында жайгашкан. 1868-ж. 21 (2. 11)-октябрда түзүлгөн.  Борбору – Омск ш. Батыш  Сибирь (1868–82) ж-а Талаа (1882–1917) генерал-губернаторлуктарынын курамына кирген. Уезддери: Акмоло, Ат-Басар, Көкчө-Тоо, Омск, Петропавловск. Аянты 582,9 миң км2. А. о-на 1860-ж. Европадан келген дыйкандар активдүү отурукташа баштаган. Дан эгиндерин өндүрүүнүн (Сибирь казактары ж-а дыйкандар товар м-н камсыздап турушкан) негизги аймагы. Ө. ж. өндүрүшү начар өнүккөн. А. о-нда 20-к-дын башында завод-фабрикада  иштеген жумушчулардын саны болгону 5,5 миңди түзгөн. Облустун соодасы жайма базарларда (19-к-дын аягында соода жүгүтүүсү 5 млн рубль) жүргүзүлгөн. А. о-нун аймагынан Батыш Сибирь  т. ж. өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында өкмөт  казак калкын тылдагы жумуштарга күчтөп салып турушкан. Ошонун негизинде 1916–17-ж. О. Азия көтөрүлүшү чыккан     1918-ж.Омск облусу аталган. А. В. Колчактын өкмөтү мурунку атын кайтарган. Сибирь революция комитетинин токтому м-н 1920-жылдын 3-январында А. о. жоюлуп, анын негизинде Омск губерниясы түзүлгөн. Калкы 1,1 млн (1925). А. ч., көчмөн мал чарбачылыгы, көчмө ж-а ички жайма базарлары (Кызыл, Ат-Басар) ж-а соодасы өнүккөн. А. г-сы 1928-ж. 17-январда жоюлган.
'''АКМОЛО ОБЛУСУ''' Россия империясынын курамына кирген Сибирдеги Кыргыз облусу. Өз алдынча административдик-аймактык  бирдик болгон. Батыш Сибирдин түштүк-батышында жайгашкан. 1868-жылы 21 (2. 11) октябрда түзүлгөн.  Борбору – Омск шаары. Батыш  Сибирь (1868–82) жана Талаа (1882–1917) генерал-губернаторлуктарынын курамына кирген. Уезддери: Акмоло, Ат-Басар, Көкчө-Тоо, Омск, Петропавловск. Аянты 582,9 миң км2. Акмоло  облусуна 1860-жылы  Европадан келген дыйкандар активдүү отурукташа баштаган. Дан эгиндерин өндүрүүнүн (Сибирь казактары жана дыйкандар товар менен камсыздап турушкан) негизги аймагы. Өнөр жай өндүрүшү начар өнүккөн. Акмоло  облусунда 20-кылымдын башында завод-фабрикада  иштеген жумушчулардын саны болгону 5,5 миңди түзгөн. Облустун соодасы жайма базарларда (19-кылымдын аягында соода жүгүтүүсү 5 млн рубль) жүргүзүлгөн. Акмоло  облусунун аймагынан Батыш Сибирь  темир  жолу өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында өкмөт  казак калкын тылдагы жумуштарга күчтөп салып турушкан. Ошонун негизинде 1916–17-жылдарда  Орто Азия көтөрүлүшү чыккан 1918-жылы Омск облусу аталган. А. В. Колчактын өкмөтү мурунку атын кайтарган. Сибирь революция комитетинин токтому менен 1920-жылдын 3-январында Акмоло  облусу  жоюлуп, анын негизинде Омск губерниясы түзүлгөн. Калкы 1,1 млн (1925). Айыл  чарба, көчмөн мал чарбачылыгы, көчмө жана ички жайма базарлары (Кызыл, Ат-Басар) жана соодасы өнүккөн. Акмоло  губерниясы 1928-жылы 17-январда жоюлган.

[[Категория:1-Том]]

09:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКМОЛО ОБЛУСУ Россия империясынын курамына кирген Сибирдеги Кыргыз облусу. Өз алдынча административдик-аймактык бирдик болгон. Батыш Сибирдин түштүк-батышында жайгашкан. 1868-жылы 21 (2. 11) октябрда түзүлгөн. Борбору – Омск шаары. Батыш Сибирь (1868–82) жана Талаа (1882–1917) генерал-губернаторлуктарынын курамына кирген. Уезддери: Акмоло, Ат-Басар, Көкчө-Тоо, Омск, Петропавловск. Аянты 582,9 миң км2. Акмоло облусуна 1860-жылы Европадан келген дыйкандар активдүү отурукташа баштаган. Дан эгиндерин өндүрүүнүн (Сибирь казактары жана дыйкандар товар менен камсыздап турушкан) негизги аймагы. Өнөр жай өндүрүшү начар өнүккөн. Акмоло облусунда 20-кылымдын башында завод-фабрикада иштеген жумушчулардын саны болгону 5,5 миңди түзгөн. Облустун соодасы жайма базарларда (19-кылымдын аягында соода жүгүтүүсү 5 млн рубль) жүргүзүлгөн. Акмоло облусунун аймагынан Батыш Сибирь темир жолу өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында өкмөт казак калкын тылдагы жумуштарга күчтөп салып турушкан. Ошонун негизинде 1916–17-жылдарда Орто Азия көтөрүлүшү чыккан 1918-жылы Омск облусу аталган. А. В. Колчактын өкмөтү мурунку атын кайтарган. Сибирь революция комитетинин токтому менен 1920-жылдын 3-январында Акмоло облусу жоюлуп, анын негизинде Омск губерниясы түзүлгөн. Калкы 1,1 млн (1925). Айыл чарба, көчмөн мал чарбачылыгы, көчмө жана ички жайма базарлары (Кызыл, Ат-Басар) жана соодасы өнүккөн. Акмоло губерниясы 1928-жылы 17-январда жоюлган.