Difference between revisions of "АКВАРИУМ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(7 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКВАРИУМ''' (лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк жана жаныбарларды өстүрүү жана багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүмдүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, аквариумдун түзүлүшү жана формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде органикалык айнектен жасалат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – аквариумдагы сууну кычкылтек менен каныктыруу жана зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек менен каныктыруу үчүн аквариумга суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жарык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта ''аквариум балыктары'' бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суудан органикалык жана органикалык эмес заттарды сиңирет. Аквариумдун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса болот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосунда сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жалбырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө Аквариумдун болушу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изилдөө жана көргөзүү максатында деңиз жана тузсуз сууда жашоочу фауна жана флора өкүлдөрүн кармоочу атайын мекеме дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай аквариум 1‑жолу 19‑кылымдын 2‑жарымында уюшулган (1871‑жылы Севастополдо, 1872‑жылы Неаполдо). Айрым деңиз аквариуму океанириум деп аталат.

[[Категория:1-Том]] |
08:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКВАРИУМ (лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк жана жаныбарларды өстүрүү жана багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүмдүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, аквариумдун түзүлүшү жана формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде органикалык айнектен жасалат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – аквариумдагы сууну кычкылтек менен каныктыруу жана зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек менен каныктыруу үчүн аквариумга суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жарык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта аквариум балыктары бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суудан органикалык жана органикалык эмес заттарды сиңирет. Аквариумдун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса болот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосунда сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жалбырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө Аквариумдун болушу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изилдөө жана көргөзүү максатында деңиз жана тузсуз сууда жашоочу фауна жана флора өкүлдөрүн кармоочу атайын мекеме дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай аквариум 1‑жолу 19‑кылымдын 2‑жарымында уюшулган (1871‑жылы Севастополдо, 1872‑жылы Неаполдо). Айрым деңиз аквариуму океанириум деп аталат.