Difference between revisions of "АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(8 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН''' (1542–1605) – Индиядагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруучусу (1556‑жылдан). ''Бабурдун'' небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында бир топ княздыктарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Ражпутана ж. б.) кошуп алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлеринин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген иш-аракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мурдагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казынадан акы төлөгөн, ал эми жер салыгын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийлигин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн маанилүү мамлекеттик кызматтарга дайындаган.

[[File:АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН33.png | thumb|Акбар аскерлери менен Ганг д‑нан өтүүдө (Ихлас жана Мадгу, могол мек­теби: болжол менен 1600‑ж.; Лондон. Виктория жана Аль­берт музейи).]]Ражпуттардын атчандары Акбардын армиясынын негизин түзүп калган. Акбардын мындай саясаты мусулман‑жагирдарларынын нааразылыгын туудурган. Ал ислам, индуизм, парсизм, жайнизм диндеринин негизинде жаңы дин («Дин‑и илахи») киргизип, анын негиздөөчүсү катары таанылган. Ал тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жөндөмдүү аскер башчы, кат тааныбаса да билимге ынтызар инсан катары белгилүү. | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
[[File:АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН33.png | thumb | Акбар аскерлери м‑н Ганг д‑нан өтүүдө (Ихлас ж‑а Мадгу, могол мек­теби: болжол м‑н 1600‑ж.; Лондон. Виктория ж‑а Аль­берт музейи).]] | |||
08:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН (1542–1605) – Индиядагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруучусу (1556‑жылдан). Бабурдун небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында бир топ княздыктарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Ражпутана ж. б.) кошуп алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлеринин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген иш-аракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мурдагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казынадан акы төлөгөн, ал эми жер салыгын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийлигин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн маанилүү мамлекеттик кызматтарга дайындаган.
Ражпуттардын атчандары Акбардын армиясынын негизин түзүп калган. Акбардын мындай саясаты мусулман‑жагирдарларынын нааразылыгын туудурган. Ал ислам, индуизм, парсизм, жайнизм диндеринин негизинде жаңы дин («Дин‑и илахи») киргизип, анын негиздөөчүсү катары таанылган. Ал тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жөндөмдүү аскер башчы, кат тааныбаса да билимге ынтызар инсан катары белгилүү.