Difference between revisions of "АК ОЛПОК"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(8 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК ОЛПОК''' – 1) жоокер кийими. Аны баатырлар чалгынга, жоого чыкканда найза, кылыч, ай балта жана жебеден сактанууга, ошондой эле эл башкаруучу атак‑даңк, сөөлөт үчүн да кийишкен. Кийиз менен кайыш кабатталып (сырткы бетине өзгөчө түр берүү үчүн арасына темир, албарстын майда өгөндүсү же кум кошулган), кайра‑кайра шырылып, жибек же баалуу кездемелер менен ичтелип, этеги, жеңи кыска, тик жака, алды‑арты өз‑өзүнчө туюк жасалып, эки капталы ачык тигилип, бүчү менен бүчүлөнгөн. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүү үчүн сырткы бетине (кайышка) жырткыч айбандын (арстан, жолборс, ажыдаар) ар түрдүү көрүнүштөгү сүрөтү, оюм‑чийим түшүрүлгөн. Ал эми «Ак» түшүнүгүнүн кошулуп айтылышы, кыргыздардын жоокерчилик заманда өң‑түстү гана эмес, касиеттүү, ыйык, ырайымдуулук деген мааниде колдонулгандыгын билдирет. «Манас» эпосунда Ак олпок ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, асем‑сый буюм катары сүрөттөлөт; 2) мамык төшөкчө. Ичине жүн жана кебез салынып, ак бөз кездемеден жасалып, ''бешикке'' төшөлөт.
''Ш. Керимова.''

''Ш. Керимова.''
| [[Категория:1-Том]] | ||
08:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АК ОЛПОК – 1) жоокер кийими. Аны баатырлар чалгынга, жоого чыкканда найза, кылыч, ай балта жана жебеден сактанууга, ошондой эле эл башкаруучу атак‑даңк, сөөлөт үчүн да кийишкен. Кийиз менен кайыш кабатталып (сырткы бетине өзгөчө түр берүү үчүн арасына темир, албарстын майда өгөндүсү же кум кошулган), кайра‑кайра шырылып, жибек же баалуу кездемелер менен ичтелип, этеги, жеңи кыска, тик жака, алды‑арты өз‑өзүнчө туюк жасалып, эки капталы ачык тигилип, бүчү менен бүчүлөнгөн. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүү үчүн сырткы бетине (кайышка) жырткыч айбандын (арстан, жолборс, ажыдаар) ар түрдүү көрүнүштөгү сүрөтү, оюм‑чийим түшүрүлгөн. Ал эми «Ак» түшүнүгүнүн кошулуп айтылышы, кыргыздардын жоокерчилик заманда өң‑түстү гана эмес, касиеттүү, ыйык, ырайымдуулук деген мааниде колдонулгандыгын билдирет. «Манас» эпосунда Ак олпок ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, асем‑сый буюм катары сүрөттөлөт; 2) мамык төшөкчө. Ичине жүн жана кебез салынып, ак бөз кездемеден жасалып, бешикке төшөлөт.
Ш. Керимова.