Difference between revisions of "АК-КОЙЛУУ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(8 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-КОЙЛУУ''' (түрк. – Ак‑Коюнлу) – 14–15‑кылымдарда Тигр дарыясынын баш жагындагы жерлерди мекендеген огуз‑түрк урууларынын бирикмеси жана ошол бирикменин башында турган династиянын аталышы. Ак-Койлуулар тууралуу алгач 1340‑жылы ''Визан­тия'' хроникаларында эскерилет. Узун‑Хасандын тушунда (1453‑78) ''Кара‑Койлуулар'' мамлекетин талкалап (1468), ''Арменияны, Азербайжанды,'' Батыш Иранды, ''Иракты'' басып алып, борбору Тебриз шаары болгон мамлекет түзгөн. Ак-Койлуу мамлекетинин эл аралык саясатта кадыр‑баркы жогорулап, 1463‑жылы ''Венеция, Рим папасы'' жана ''Венг­рия'' ''Ак-Койлуу'' менен ''Осмон империясына'' каршы союз түзүшкөн. 15‑кылымдын аягында өлкөнүн ичиндеги жер ээлеринин өз ара согуштары, элдин нааразылыгы Ак-Койлуу мамлекетин начарлаткан. 16‑кылымдын башында Исмаил Сефеви башында турган ''кызыл баштар'' (көчмөн түрк уруулары) Ак-Койлуу мамлекетин талкалап, каратып алышкан жана Исмаилди шах көтөрүшүп, ''Сефевиддер'' мамлекетин негиздешкен.

[[Категория:1-Том]] | |||
08:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АК-КОЙЛУУ (түрк. – Ак‑Коюнлу) – 14–15‑кылымдарда Тигр дарыясынын баш жагындагы жерлерди мекендеген огуз‑түрк урууларынын бирикмеси жана ошол бирикменин башында турган династиянын аталышы. Ак-Койлуулар тууралуу алгач 1340‑жылы Византия хроникаларында эскерилет. Узун‑Хасандын тушунда (1453‑78) Кара‑Койлуулар мамлекетин талкалап (1468), Арменияны, Азербайжанды, Батыш Иранды, Иракты басып алып, борбору Тебриз шаары болгон мамлекет түзгөн. Ак-Койлуу мамлекетинин эл аралык саясатта кадыр‑баркы жогорулап, 1463‑жылы Венеция, Рим папасы жана Венгрия Ак-Койлуу менен Осмон империясына каршы союз түзүшкөн. 15‑кылымдын аягында өлкөнүн ичиндеги жер ээлеринин өз ара согуштары, элдин нааразылыгы Ак-Койлуу мамлекетин начарлаткан. 16‑кылымдын башында Исмаил Сефеви башында турган кызыл баштар (көчмөн түрк уруулары) Ак-Койлуу мамлекетин талкалап, каратып алышкан жана Исмаилди шах көтөрүшүп, Сефевиддер мамлекетин негиздешкен.