Difference between revisions of "АЙЫРМАЧ"
Jump to navigation
Jump to search
м (→top: категория кошуу) |
|||
(4 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЫРМАЧ''' – өзү ээрде жүрө албаган 3–5 жаштагы кичинекей бала үчүн жасалган ат жабдыгынын бир түрү. Айырмач кыргыздар көчмөн турмушта жашаган кезде балдарды өңөрбөй өзүнчө атка мингизген <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> атта жүрүүгө көндүргөн. Айырмачтын кашы <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> артын бирдей кылып, кайчылаш аштап жасайт, ал ээрдикинен 10–15 ''см'' бийик болот.<br> | |||
[[File:АЙЫРМАЧ28.png | thumb | none]] | [[File:АЙЫРМАЧ28.png | thumb|none]] | ||
Бала ооп же ыргып кетпес үчүн | Бала ооп же ыргып кетпес үчүн айырмачтын капталдарына туурасынан жалпак жыгачтар бекитилип, алар баланы эти оорубагандай тосуп, кармап турат. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөнгү ордуна кийиз же териден кооздолуп жасалган «теминги» болот. Айырмачтын кайчылашып ашталган алдыңкы кашы оймо‑чиймеленип кооздолот. Азыркы мезгилде айырмачты музейден гана көрүүгө болот.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЫРМАЧ – өзү ээрде жүрө албаган 3–5 жаштагы кичинекей бала үчүн жасалган ат жабдыгынын бир түрү. Айырмач кыргыздар көчмөн турмушта жашаган кезде балдарды өңөрбөй өзүнчө атка мингизген жана атта жүрүүгө көндүргөн. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, кайчылаш аштап жасайт, ал ээрдикинен 10–15 см бийик болот.
Бала ооп же ыргып кетпес үчүн айырмачтын капталдарына туурасынан жалпак жыгачтар бекитилип, алар баланы эти оорубагандай тосуп, кармап турат. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөнгү ордуна кийиз же териден кооздолуп жасалган «теминги» болот. Айырмачтын кайчылашып ашталган алдыңкы кашы оймо‑чиймеленип кооздолот. Азыркы мезгилде айырмачты музейден гана көрүүгө болот.