Difference between revisions of "АЙЫРМАЧ"
Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)
(6 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЙЫРМАЧ''' – өзү ээрде жүрө албаган 3–5 жаш­тагы кичинекей бала үчүн жасалган ат жабдыгы­нын бир түрү. Айырмач кыргыздар көчмөн турмушта жашаган кезде балдарды өңөрбөй өзүнчө атка мингизген жана атта жүрүүгө көндүргөн. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, кайчылаш аш­тап жасайт, ал ээрдикинен 10–15 ''см'' бийик болот.
[[File:АЙЫРМАЧ28.png | thumb | none]]
[[File:АЙЫРМАЧ28.png | thumb|none]]
лот. Бала ооп же ыргып кетпес үчүн А‑тын капталдарына туурасынан жалпак жыгачтар бекитилип, алар баланы эти оорубагандай тосуп, кармап турат. А‑тын үстүнө көпчүк салынат. Үзөнгү ордуна кийиз же териден кооздолуп жасалган «теминги»  болот. А‑тын кайчылашып ашталган алдынкы  кашы оймо‑чиймеленип кооздолот. Азыркы  мезгилде А‑ты музейден гана көрүүгө болот.
Бала ооп же ыргып кетпес үчүн айырмачтын капталдарына туурасынан жалпак жыгачтар бекитилип, алар баланы эти оорубагандай тосуп, кармап турат. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөнгү ордуна кийиз же териден кооздолуп жасалган «теминги»  болот. Айырмачтын кайчылашып ашталган алдыңкы кашы оймо‑чиймеленип кооздолот. Азыркы  мезгилде айырмачты музейден гана көрүүгө болот.
[[Категория:1-Том]]
08:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЫРМАЧ – өзү ээрде жүрө албаган 3–5 жаш­тагы кичинекей бала үчүн жасалган ат жабдыгы­нын бир түрү. Айырмач кыргыздар көчмөн турмушта жашаган кезде балдарды өңөрбөй өзүнчө атка мингизген жана атта жүрүүгө көндүргөн. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, кайчылаш аш­тап жасайт, ал ээрдикинен 10–15 см бийик болот.
АЙЫРМАЧ28.png