Difference between revisions of "АЙТИЕВ Гапар"
м (→top: категория кошуу) |

(6 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙТИЕВ''' Гапар (15. 9. 1912, Ош | '''АЙТИЕВ''' '''Гапар''' (15. 9. 1912-жыл, Ош облусу, Кара‑Суу району, Төлөйкөн айылы – 16. 12. 1984-жыл, Бишкек шаары) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кылкалемдин улуу чебери, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР сүрөт академиясынын корреспондент мүчөсү (1973), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1982). Фрунзе шаарындагы агартуу институтунун (кийин борбордук педтехникум) тарых коомчулук бөлүмүн бүтүргөн (1932). Сүрөтчүлүк искусство боюнча атайын билимди Москва шаарындагы «1905-­жылды эскерүү» сүрөт окуу жайында алган.

[[File:АЙТИЕВ5.png | thumb | Иш үстүндө.]] | [[File:АЙТИЕВ5.png | thumb|Иш үстүндө.]] | ||
Ал 1934‑жылы Фрунзе шаарында ачылган 1‑республикалык сүрөт көргөзмөсүнө «Атанын порт­рети» (1932), «Кол­хоз катчысы Иман­газы», «Түштүк кызы» (1934) деген портреттери менен үйрөнчүк катары катышкан. XX кылымдын 30‑жылдарында жараткан «Колхозчулардын эс алуусу», «Физкультурниктер», «Байдагы бат­рак» сыяктуу жанрдык полотнолорунда турмуштун маанилүү жактарын чагылдырууга умтулган. Ал сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. ''Акылбековдун'' (1937), акын ''А.Осмоновдун'' (1938) портреттерин тарткан. Ал эми «Көлдөгү кайык» (1939), «Боз үйлөр» (1940) аттуу чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөткөн. «Фронт­тон кат» (1943), «Пахта терүү» (1944), «Колхоз короосу» (1946) сүрөттөрү Г. Айтиевдин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. Ал бардык жанрлар боюнча ийгиликтүү иштесе да, анын негизги жанры пейзаж болгон. «Кайыктар» (1947), «Жумгал өрөөнүндө» (1949), «Сазда» (1954), «Жалтылдаган көл» (1960) аттуу чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн демейки элеси катары тартылган менен алардын негизинде рухий терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. «Жайлоодогу чак түш» (1949), «Тоодогу кеч» (1958), «Кыштак че­тинде» (1956) деген чыгармалары, атактуу «Ысык‑Көлдөгү чак түш» картинасы бирин бири толуктап турат. 1960‑жылдары Г. Айтиев «Чабандар» (1960–1961) аттуу полотносу, «Ысык‑Көл – кыр­гыз деңизи» (бул чыгармалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон, 1967), «Тоодогу чөп чабуу» (1961) деген пейзаждарды жараткан. «Кыргыз жергеси» аттуу пейзаждар сериясы, «Тоо мейкини» (1964), «Чүй өрөөнүндөгү күз» (1965), «Анжияндын ай­ланасы», «Түштүктөгү кеч» (1967), «Калкагар зоо» (1969), «Талаадагы тандыр» (1972), «Көңүл», «Тоодогу күүгүм» (1973), «Ойлонуу», «Кечки тынчтык» (1974) аттуу чыгармалары сүрөт өнөрүнүн бийик үлгүлөрүнөн болуп калды. Г. Айтиев асыл адамдар бейнесин боёктор кудурети менен жазуунун теңдешсиз чебери да болгон. М. Баетовдун (1949), Ч. Иманкуловдун (1962), элдик уз А. Бекбоеванын живопистик портреттери, сүрөтчү Ж. Кожакметов менен бирге жараткан «Акындар» (1957) аттуу залкар чыгармасы, «Жылкычы», «Токтогул» (1958), «Саякбай» (1965) жана акын А. Токомбаевдин (1972) бедиздик портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. Г. Айтиевдин монументтик искусстводо да айтарлык салымы бар. 1951–1954‑жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын имаратын жасалгалоого көркөм жетекчи болгон. Ал – көрүү залынын плафонундагы роспистин жана театрдагы адамдын көз жоосун алган орнаменттик композициялардын автору. Нарын шаарындагы революционер Жукеев‑Пудовкинге , Фрунзе шаарындагы кыргыздын улуу демократ акыны Т. Сатылгановго (1974) коюлган эстеликтердин (архив, А. Исаев) автору. Узак жылдар бою (1940–1968) Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун жетектеп, кыргыз сүрөтчүлөрүнө жана жалпы республикалык сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө таасир тийгизген. Г. Айтиевдин чыгармалары 1934‑жылдан жалпы союздук, 1958‑жылдан эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келген. 1970‑жылы Москвада, 1973-жылы Фрунзеде анын чыгармаларынын көргөзмөсү ийгилик менен өткөн. Г. Айтиевдин эң мыкты чыгармалары кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин, Алматы шаарындагы Шевченко атындагы сүрөт галереясынын, Львов шаарындагы сүрөт музейлеринин менчигине айланды. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү (1967), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Председателинин орун басары (8‑9‑шайланышы), 1969‑жылдан Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин председатели болгон. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.
Ад.: ''Асанбеков С.'' Сүрөтчү. Ф., 1962; ''Черкасова Н.'' В. ''Гапар Айтиевич Айтиев. 1961; Народный художник Киргизской ССР Гапар Айтиев. Каталог выставки. М., 1970; Первый киргизский художник: Г. Айтиев. Ф., 1983. С. ''Асанбеков.''

Ад.: ''Асанбеков С.'' Сүрөтчү. Ф., 1962; ''Черкасова Н.'' В. ''Гапар Айтиевич Айтиев. 1961; Народный художник Киргизской ССР Гапар Айтиев. Каталог выставки. М., 1970; Первый киргизский художник: Г. Айтиев. Ф., 1983. С. ''Асанбеков.''
| [[Категория:1-Том]] |
08:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙТИЕВ Гапар (15. 9. 1912-жыл, Ош облусу, Кара‑Суу району, Төлөйкөн айылы – 16. 12. 1984-жыл, Бишкек шаары) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кылкалемдин улуу чебери, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР сүрөт академиясынын корреспондент мүчөсү (1973), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1982). Фрунзе шаарындагы агартуу институтунун (кийин борбордук педтехникум) тарых коомчулук бөлүмүн бүтүргөн (1932). Сүрөтчүлүк искусство боюнча атайын билимди Москва шаарындагы «1905-жылды эскерүү» сүрөт окуу жайында алган.
Ал 1934‑жылы Фрунзе шаарында ачылган 1‑республикалык сүрөт көргөзмөсүнө «Атанын портрети» (1932), «Колхоз катчысы Имангазы», «Түштүк кызы» (1934) деген портреттери менен үйрөнчүк катары катышкан. XX кылымдын 30‑жылдарында жараткан «Колхозчулардын эс алуусу», «Физкультурниктер», «Байдагы батрак» сыяктуу жанрдык полотнолорунда турмуштун маанилүү жактарын чагылдырууга умтулган. Ал сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. Акылбековдун (1937), акын А.Осмоновдун (1938) портреттерин тарткан. Ал эми «Көлдөгү кайык» (1939), «Боз үйлөр» (1940) аттуу чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөткөн. «Фронттон кат» (1943), «Пахта терүү» (1944), «Колхоз короосу» (1946) сүрөттөрү Г. Айтиевдин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. Ал бардык жанрлар боюнча ийгиликтүү иштесе да, анын негизги жанры пейзаж болгон. «Кайыктар» (1947), «Жумгал өрөөнүндө» (1949), «Сазда» (1954), «Жалтылдаган көл» (1960) аттуу чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн демейки элеси катары тартылган менен алардын негизинде рухий терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. «Жайлоодогу чак түш» (1949), «Тоодогу кеч» (1958), «Кыштак четинде» (1956) деген чыгармалары, атактуу «Ысык‑Көлдөгү чак түш» картинасы бирин бири толуктап турат. 1960‑жылдары Г. Айтиев «Чабандар» (1960–1961) аттуу полотносу, «Ысык‑Көл – кыргыз деңизи» (бул чыгармалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон, 1967), «Тоодогу чөп чабуу» (1961) деген пейзаждарды жараткан. «Кыргыз жергеси» аттуу пейзаждар сериясы, «Тоо мейкини» (1964), «Чүй өрөөнүндөгү күз» (1965), «Анжияндын айланасы», «Түштүктөгү кеч» (1967), «Калкагар зоо» (1969), «Талаадагы тандыр» (1972), «Көңүл», «Тоодогу күүгүм» (1973), «Ойлонуу», «Кечки тынчтык» (1974) аттуу чыгармалары сүрөт өнөрүнүн бийик үлгүлөрүнөн болуп калды. Г. Айтиев асыл адамдар бейнесин боёктор кудурети менен жазуунун теңдешсиз чебери да болгон. М. Баетовдун (1949), Ч. Иманкуловдун (1962), элдик уз А. Бекбоеванын живопистик портреттери, сүрөтчү Ж. Кожакметов менен бирге жараткан «Акындар» (1957) аттуу залкар чыгармасы, «Жылкычы», «Токтогул» (1958), «Саякбай» (1965) жана акын А. Токомбаевдин (1972) бедиздик портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. Г. Айтиевдин монументтик искусстводо да айтарлык салымы бар. 1951–1954‑жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын имаратын жасалгалоого көркөм жетекчи болгон. Ал – көрүү залынын плафонундагы роспистин жана театрдагы адамдын көз жоосун алган орнаменттик композициялардын автору. Нарын шаарындагы революционер Жукеев‑Пудовкинге , Фрунзе шаарындагы кыргыздын улуу демократ акыны Т. Сатылгановго (1974) коюлган эстеликтердин (архив, А. Исаев) автору. Узак жылдар бою (1940–1968) Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун жетектеп, кыргыз сүрөтчүлөрүнө жана жалпы республикалык сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө таасир тийгизген. Г. Айтиевдин чыгармалары 1934‑жылдан жалпы союздук, 1958‑жылдан эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келген. 1970‑жылы Москвада, 1973-жылы Фрунзеде анын чыгармаларынын көргөзмөсү ийгилик менен өткөн. Г. Айтиевдин эң мыкты чыгармалары кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин, Алматы шаарындагы Шевченко атындагы сүрөт галереясынын, Львов шаарындагы сүрөт музейлеринин менчигине айланды. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү (1967), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Председателинин орун басары (8‑9‑шайланышы), 1969‑жылдан Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин председатели болгон. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.
Ад.: Асанбеков С. Сүрөтчү. Ф., 1962; Черкасова Н. В. Гапар Айтиевич Айтиев. 1961; Народный художник Киргизской ССР Гапар Айтиев. Каталог выставки. М., 1970; Первый киргизский художник: Г. Айтиев. Ф., 1983. С. Асанбеков.