Difference between revisions of "АЙКИДО"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(4 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙКИДО''' (япончо – күчтү топтоо жолу) – чыгыштын өзүн‑өзү коргоо боюнча жекеме‑жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. Айкидону япониялык мастер Морихей Уесиба самурайлардын аскер искусствосунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920‑30‑жылдар). Айкидо жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу‑джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашынын аракетин өзүнө бурдуруу максатында чабуулдап <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> кайра кармоодон тез кетүү пайдаланылат. Айкидонун ыкмаларынын жети жүз жыл- | |||
[[File:АЙКИДО55.png | thumb | none]] | [[File:АЙКИДО55.png | thumb|none]] | ||
дык тарыхы бар, түпкү тамыры ''самурай'' доорунан башталат. | дык тарыхы бар, түпкү тамыры ''самурай'' доорунан башталат. Айкидо ыкмалары ар тараптан келишкен, адамдын денесин <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. Айкидо бул табият <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> адамдын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын тереңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала турган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кыргызстандын Айкидо федерациясы 1995‑жылы Бишкекте түзүлүп, 1996‑жылдан Айкидонун Бүткүл дүйнөлүк борбору – Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япония) тарабынан таанылган. Кыргызстанда бүгүнкү күндө Айкидо башка чыгыш таймашууларынын катарында өнүгүүдө.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙКИДО (япончо – күчтү топтоо жолу) – чыгыштын өзүн‑өзү коргоо боюнча жекеме‑жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. Айкидону япониялык мастер Морихей Уесиба самурайлардын аскер искусствосунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920‑30‑жылдар). Айкидо жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу‑джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашынын аракетин өзүнө бурдуруу максатында чабуулдап жана кайра кармоодон тез кетүү пайдаланылат. Айкидонун ыкмаларынын жети жүз жыл-
дык тарыхы бар, түпкү тамыры самурай доорунан башталат. Айкидо ыкмалары ар тараптан келишкен, адамдын денесин жана анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. Айкидо бул табият менен адамдын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын тереңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала турган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кыргызстандын Айкидо федерациясы 1995‑жылы Бишкекте түзүлүп, 1996‑жылдан Айкидонун Бүткүл дүйнөлүк борбору – Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япония) тарабынан таанылган. Кыргызстанда бүгүнкү күндө Айкидо башка чыгыш таймашууларынын катарында өнүгүүдө.