Difference between revisions of "АЙЗЕНШТАДТ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЗЕНШТАДТ''' – Австриянын чыгышындагы шаар. Бургерланд жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 12 миң (2000). Лайта тоосунун түштүк этегинде жайгашкан. Темир жол бекети. Алгач 1264-жылы эскерилет. Шаар укугун 1376-жылы алган. Архитектуралык эстеликтери 15–18-кылымдарга таандык. Аты окшош капка (16–17-капка; габсбургдар <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> венгер княздары тарабынан 1622-жылы белекке берилген), И. Гайдин музейи (1761–91-жылдары жашаган, өлгөндөн кийин ошол эле жерге көмүлгөн) бар. Жыл сайын Гайдин фестивалы, В. Бёка жетекчилик кылган Гайдин фестивалы (Коберсдорф сепилинде ) өткөрүлүп турат. Коомдук <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> маданий борбор. Экономикасында тейлөө сферасы (өзгөчө туризм) басымдуу. Тамак-аш, тигүү <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> металл иштетүү өнөр жайы өнүккөн. Шарап ачытуунун ири борбору. Жыл сайын “1000 шарап” майрамы өткөрүлүп турат. | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЗЕНШТАДТ – Австриянын чыгышындагы шаар. Бургерланд жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 12 миң (2000). Лайта тоосунун түштүк этегинде жайгашкан. Темир жол бекети. Алгач 1264-жылы эскерилет. Шаар укугун 1376-жылы алган. Архитектуралык эстеликтери 15–18-кылымдарга таандык. Аты окшош капка (16–17-капка; габсбургдар жана венгер княздары тарабынан 1622-жылы белекке берилген), И. Гайдин музейи (1761–91-жылдары жашаган, өлгөндөн кийин ошол эле жерге көмүлгөн) бар. Жыл сайын Гайдин фестивалы, В. Бёка жетекчилик кылган Гайдин фестивалы (Коберсдорф сепилинде ) өткөрүлүп турат. Коомдук жана маданий борбор. Экономикасында тейлөө сферасы (өзгөчө туризм) басымдуу. Тамак-аш, тигүү жана металл иштетүү өнөр жайы өнүккөн. Шарап ачытуунун ири борбору. Жыл сайын “1000 шарап” майрамы өткөрүлүп турат.