Difference between revisions of "АЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЙ''' – Жердин табигый жандоочусу. Анын мас­сасы Жердикине салыштырганда 81,3 эсе кичи­не, радиусу 1738 ''км,'' Жерге чейин орт. аралыгы 384400 ''км, перигейде'' 21000 ''кмге'' кыска, ''апоге''й­''де'' ошончого узун. А. бетиндеги эркин түшүү ыл­дамдануусу Жердикинен 6 эсе аз, g=162 ''см/сек''2. А‑дын топурагын изилдөө менен анын жашы
'''АЙ''' – Жердин табигый жандоочусу. Анын мас­сасы Жердикине салыштырганда 81,3 эсе кичи­не, радиусу 1738 ''км,'' Жерге чейин орточо  аралыгы 384400 ''км, перигейде'' 21000 ''кмге'' кыска, ''апоге''й­''де'' ошончого узун. Ай бетиндеги эркин түшүү ыл­дамдануусу Жердикинен 6 эсе аз, g=162 ''см/сек''2. Айдын топурагын изилдөө менен анын жашы
[[File:АЙ41.png | thumb|Аполлон‑11 кос мос кемесинен тар тылган Айдын көрүнүшү.]]
[[File:АЙ41.png | thumb|Аполлон‑11 космос кемесинен тартылган Айдын көрүнүшү.]]
Жердикиндей эле 4,3 млрд экендиги, жердеги хим. элементтер бар экендиги далилденген. А. өзүнөн жарык чыгарбайт, Күндүн жарыгын ча­гылдырат. Жерди айлануу учурунда чагылган нур ар кандай фазада (к. ''Ай фазалары.)'' болуп турат. А‑дын Жерди бир айлануу мезгили (27,32 жер суткасы) өз огунда айлануу мезгилине ба­рабар болгондуктан, Жер шарынан А‑дын бир бети гана көрүнүп турат. Ал А‑дын көрүнгөн жарым шары деп аталат. Астрономдор А‑дын көрүнбөгөн бетинин картасын жана биринчи А. глобусун 20‑к‑да түзүшкөн. Анын бетинин темп­расы күндүзү өтө жогорулап, экваторунда чак түштө +177°Сге жетет, түнкүсүн өтө суук тар­тып -153°-173°Сге жетет, орточо темп‑расы 130°Сге жете ысып, жеңил газ молекулалары

Жердикиндей эле 4,3 млрд экендиги, жердеги химиялык элементтер бар экендиги далилденген. Ай өзүнөн жарык чыгарбайт, Күндүн жарыгын ча­гылдырат. Жерди айлануу учурунда чагылган нур ар кандай фазада (к. ''Ай фазалары.)'' болуп турат. Айдын Жерди бир айлануу мезгили (27,32 жер суткасы) өз огунда айлануу мезгилине ба­рабар болгондуктан, Жер шарынан Айдын бир бети гана көрүнүп турат. Ал Айдын көрүнгөн жарым шары деп аталат. Астрономдор Айдын көрүнбөгөн бетинин картасын жана биринчи Ай глобусун 20‑кылымда түзүшкөн. Анын бетинин температу­расы күндүзү өтө жогорулап, экваторунда чак түштө +177°Сге жетет, түнкүсүн өтө суук тар­тып -153°-173°Сге жетет, орточо температурасы 130°Сге жете ысып, жеңил газ молекулалары ''км/сек'' ылдамдыкка жетет жана Ай бетинде­ги биринчи космостук ылдамдык 1,68 ''км/секта.'' барабар. Айда Жер сыяктуу атмосфера, суу болбо­гондуктан тиричилик да жок, ошондой  эле шамал да болбойт. Айдын тегиз эмес бетинде метеориттер­дин жана жанар тоо издери, кратерлер жакшы сакталып, андагы издер ар кандай өлчөмдө болуп, кээ биринин диаметри 250 ''км''ге жетет. Ошондуктан Айдын бети көп кратерлүү жана бийик тоолуу рельефтен, чоң таштардан, кум жана борпоң топурактан турат. Айдагы кратерлердин ирилери жанар тоолордун атылышынан, май­далары метеориттердин түшүшүнөн пайда болгон. 1959‑жылы  советтик  «Луна‑3» автоматтык планета аралык станциясы Айдын көрүнбөгөн бетин сү­рөткө тартып келген. Бул космос мейкиндиги­нен алынган биринчи телесүрөттөр болуп эсепте­лет. 1969‑жылы АКШ астронавттары ''Н. Армстронг''  м‑н ''Э. Олдрин'' Айга конуп, биринчи кадам жа­сашкан. Айдын түзүлүшүн, химиялык-минералогия­лык курамын ''селенология'' илими изилдейт. ''Ад''.: Луна, под. ред. ''Маркова А. В.,'' М., 1960; ''Мейсон Б., Мелссон У.,'' М. Лунные породы, 1973.
''км/сек'' ылдамдыкка жетет жана А. бетинде­ги биринчи космостук ылдамдык 1,68 ''км/секта.''
[[Категория:1-Том]]
барабар. А‑да Жер сыяктуу атм‑ра, суу болбо­гондуктан тиричилик да жок, о. эле шамал да болбойт. А‑дын тегиз эмес бетинде метеориттер­дин жана жанар тоо издери, кратерлер жакшы сакталып, андагы издер ар кандай өлчөмдө болуп, кээ биринин диаметри 250 ''км''ге жетет. Ошондуктан А‑дын бети көп кратерлүү жана бийик тоолуу рельефтен, чоң таштардан, кум жана борпоң топурактан турат. А‑дагы кратерлердин ирилери жанар тоолордун атылышынан, май­далары метеориттердин түшүшүнөн пайда болгон. 1959‑ж. сов. «Луна‑3» автоматтык планета аралык станциясы А‑дын көрүнбөгөн бетин сү­рөткө тартып келген. Бул космос мейкиндиги­нен алынган биринчи телесүрөттөр болуп эсепте­лет. 1969‑ж. АКШ астронавттары ''Н. Армстронг''  м‑н ''Э. Олдрин'' А‑га конуп, биринчи кадам жа­сашкан. Айдын түзүлүшүн, хим.-минералогия­лык курамын ''селенология'' илими изилдейт. ''Ад''.: Луна, под. ред. ''Маркова А. В.,'' М., 1960; ''Мейсон Б., Мелссон У.,'' М. Лунные породы, 1973.

08:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙ – Жердин табигый жандоочусу. Анын мас­сасы Жердикине салыштырганда 81,3 эсе кичи­не, радиусу 1738 км, Жерге чейин орточо аралыгы 384400 км, перигейде 21000 кмге кыска, апогей­де ошончого узун. Ай бетиндеги эркин түшүү ыл­дамдануусу Жердикинен 6 эсе аз, g=162 см/сек2. Айдын топурагын изилдөө менен анын жашы

Аполлон‑11 космос кемесинен тартылган Айдын көрүнүшү.

Жердикиндей эле 4,3 млрд экендиги, жердеги химиялык элементтер бар экендиги далилденген. Ай өзүнөн жарык чыгарбайт, Күндүн жарыгын ча­гылдырат. Жерди айлануу учурунда чагылган нур ар кандай фазада (к. Ай фазалары.) болуп турат. Айдын Жерди бир айлануу мезгили (27,32 жер суткасы) өз огунда айлануу мезгилине ба­рабар болгондуктан, Жер шарынан Айдын бир бети гана көрүнүп турат. Ал Айдын көрүнгөн жарым шары деп аталат. Астрономдор Айдын көрүнбөгөн бетинин картасын жана биринчи Ай глобусун 20‑кылымда түзүшкөн. Анын бетинин температу­расы күндүзү өтө жогорулап, экваторунда чак түштө +177°Сге жетет, түнкүсүн өтө суук тар­тып -153°-173°Сге жетет, орточо температурасы 130°Сге жете ысып, жеңил газ молекулалары км/сек ылдамдыкка жетет жана Ай бетинде­ги биринчи космостук ылдамдык 1,68 км/секта. барабар. Айда Жер сыяктуу атмосфера, суу болбо­гондуктан тиричилик да жок, ошондой эле шамал да болбойт. Айдын тегиз эмес бетинде метеориттер­дин жана жанар тоо издери, кратерлер жакшы сакталып, андагы издер ар кандай өлчөмдө болуп, кээ биринин диаметри 250 кмге жетет. Ошондуктан Айдын бети көп кратерлүү жана бийик тоолуу рельефтен, чоң таштардан, кум жана борпоң топурактан турат. Айдагы кратерлердин ирилери жанар тоолордун атылышынан, май­далары метеориттердин түшүшүнөн пайда болгон. 1959‑жылы советтик «Луна‑3» автоматтык планета аралык станциясы Айдын көрүнбөгөн бетин сү­рөткө тартып келген. Бул космос мейкиндиги­нен алынган биринчи телесүрөттөр болуп эсепте­лет. 1969‑жылы АКШ астронавттары Н. Армстронг м‑н Э. Олдрин Айга конуп, биринчи кадам жа­сашкан. Айдын түзүлүшүн, химиялык-минералогия­лык курамын селенология илими изилдейт. Ад.: Луна, под. ред. Маркова А. В., М., 1960; Мейсон Б., Мелссон У., М. Лунные породы, 1973.