Difference between revisions of "АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ"
117-179>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
А'''ЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ''' – калкты азык‑түлүктүн бардык түрү менен туруктуу камсыз кылууга багытталган экономикалык-уюштуруучулук, технологиялык жана социалдык иш‑чараларды камтыган мамлекеттик башкы маселелердин бири. 1996‑жылы 17‑ноябрда кабыл алынган Рим декларациясына ылайык Кыргызстан дүйнөлүк коомдоштуктун мүчөсү катары өзүнө «жакырчылыкты, теңсиздикти жоюуга, бардык мезгилде жетишерлик диеталык толук баалуу азык‑түлүккө физикалык жана экономикалык жактан ээ болуу жана аны пайдалана алууну камсыз кылууга багытталган саясат жүргүзүү» милдеттенмесин алган. Азык-түлүк коопсуздук саясаты рынокто тамак‑аш азыктарынын болушун, тамак‑аш азыктары менен туруктуу камсыздоону, алардын коопсуз жана алгылыктуу сапатын, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн ар бир тургунунун тамак‑аш азыктары менен камсыз болушун көздөйт. | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ – калкты азык‑түлүктүн бардык түрү менен туруктуу камсыз кылууга багытталган экономикалык-уюштуруучулук, технологиялык жана социалдык иш‑чараларды камтыган мамлекеттик башкы маселелердин бири. 1996‑жылы 17‑ноябрда кабыл алынган Рим декларациясына ылайык Кыргызстан дүйнөлүк коомдоштуктун мүчөсү катары өзүнө «жакырчылыкты, теңсиздикти жоюуга, бардык мезгилде жетишерлик диеталык толук баалуу азык‑түлүккө физикалык жана экономикалык жактан ээ болуу жана аны пайдалана алууну камсыз кылууга багытталган саясат жүргүзүү» милдеттенмесин алган. Азык-түлүк коопсуздук саясаты рынокто тамак‑аш азыктарынын болушун, тамак‑аш азыктары менен туруктуу камсыздоону, алардын коопсуз жана алгылыктуу сапатын, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн ар бир тургунунун тамак‑аш азыктары менен камсыз болушун көздөйт.