Difference between revisions of "АЗАН"
Jump to navigation
Jump to search
117-179>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗАН''' (ар. изина – билдирүү, кулактандыруу, чакырык) – мусулмандарга парз болгон беш убак намаз учурун жарыялаган чакырык. Азан чакырган адам – азанчы деп аталат. Азан бийик жерден же мунарадан чакырылат. Азанчы жүзүн Мекеге (кыбылага) карай буруп, кулагынын көнчөгүн баш бармак же сөөмөй <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> кармап, бийик үн <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> жар салат. Алардын ар бири 3–4 жолу кайталанат: «Алладан башка кудай жок, ал баарынан жогору. Мухаммед – Алланын элчиси. Алладан башка кудай жоктугуна күбөмүн, намазга ашыккыла! Күнөөдөн арылууга ашыккыла! Намаз уйкудан жакшы». Ал эми кыргыз салтында Азан каадасы өзгөчө орунда туруп, эзелтен эле кереметтүү, сыйкырдуу күч катары кабылдашкан <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> жаңы төрөлгөн наристенин аты аталып, Азан чакырылган.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗАН (ар. изина – билдирүү, кулактандыруу, чакырык) – мусулмандарга парз болгон беш убак намаз учурун жарыялаган чакырык. Азан чакырган адам – азанчы деп аталат. Азан бийик жерден же мунарадан чакырылат. Азанчы жүзүн Мекеге (кыбылага) карай буруп, кулагынын көнчөгүн баш бармак же сөөмөй менен кармап, бийик үн менен жар салат. Алардын ар бири 3–4 жолу кайталанат: «Алладан башка кудай жок, ал баарынан жогору. Мухаммед – Алланын элчиси. Алладан башка кудай жоктугуна күбөмүн, намазга ашыккыла! Күнөөдөн арылууга ашыккыла! Намаз уйкудан жакшы». Ал эми кыргыз салтында Азан каадасы өзгөчө орунда туруп, эзелтен эле кереметтүү, сыйкырдуу күч катары кабылдашкан жана жаңы төрөлгөн наристенин аты аталып, Азан чакырылган.