Difference between revisions of "АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ"
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ''' (1829) Россия менен Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы менен түзүлгөн келишим. 1829‑жылы 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне шаары) шаарында 25 жылдык мөөнөт менен кол коюлган. Келишим боюнча Дунайдын Чаты ааралы менен Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань дарыясынын чатынан Ажариянын түндүк чегине чейин, ошондой эле Ахалкалаки жана Ахалцик чептери чет жакасы менен Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын жана Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын жана чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор менен Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия жана Валахия) автономияга ээ болушкан. Адрианополь тынчтык келишимин түзүү менен орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия жана Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.

[[Категория:1-Том]] |
08:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1829) Россия менен Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы менен түзүлгөн келишим. 1829‑жылы 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне шаары) шаарында 25 жылдык мөөнөт менен кол коюлган. Келишим боюнча Дунайдын Чаты ааралы менен Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань дарыясынын чатынан Ажариянын түндүк чегине чейин, ошондой эле Ахалкалаки жана Ахалцик чептери чет жакасы менен Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын жана Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын жана чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор менен Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия жана Валахия) автономияга ээ болушкан. Адрианополь тынчтык келишимин түзүү менен орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия жана Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.