Difference between revisions of "АДДИС-АБЕБА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)

м (→‎top: категория кошуу)

(7 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(амхарча – жады гүл) – Эфио­пиянын борбор шаары; өзүнчө адм. бирдик. Өл­көнүн борб. бөлүгүндө, Эфиопия тайпак тоосун­да, деңиз деңг. 2400 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому. Калкы 3,0 млн (2012). Темир жолу аркылуу Жибути (Сомалиде) порту м‑н байланышат. Эл аралык маанидеги аэро порту бар. 1887‑ж. император Менелика II тара бынан негизделип, алгач Финфинни аталган. 1889‑жылдан азыркы атында. Металл иштетүү, тамак‑аш, жыгаччылык, текстиль, цемент өнөр жайы, ун‑т иштейт. Кустардык жол м‑н кезде­ме токулат, булгаары ж. б. чыгарылат. Кол өнөрчүлүк (жыгач буюмдарын жасоо) өнүккөн. Ун‑т, археол. ж‑а а. ч. ил.-из. ин‑ту, музей, Улут­тук театр, Улуттук китепкана бар. 19–20‑к‑дагы арх‑ралык эстеликтер – Менелика II сарайы, Жаңы сарай, Ыйык Георгий собору (экөө тең

'''АДДИС-АБЕБА''' (амхарча – жады гүл) – Эфио­пиянын борбор шаары; өзүнчө администрациялык бирдик. Өл­көнүн борбордук бөлүгүндө, Эфиопия тайпак тоосун­да, деңиз деңгээлинен 2400 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому. Калкы 3,0 млн (2012). Темир жолу аркылуу Жибути (Сомалиде) порту менен байланышат. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. 1887‑жылы  император Менелика II тарабынан негизделип, алгач Финфинни аталган. 1889‑жылдан азыркыдай аталат. Металл иштетүү, тамак‑аш, жыгаччылык, текстиль, цемент өнөр жайы, университет иштейт. Кустардык жол менен кезде­ме токулат, булгаары ж. б. чыгарылат. Кол өнөрчүлүк (жыгач буюмдарын жасоо) өнүккөн. Университет, археологиялык жана айыл чарба илимий-изилдөө институту, музей, Улут­тук театр, Улуттук китепкана бар. 19–20‑кылымдардагы архитектуралык эстеликтер – Менелика II сарайы, Жаңы сарай, Ыйык Георгий собору (экөө тең 19‑кылымдын аягы) ж. б. сакталган. Аддис-Абебада эл аралык ири уюмдардын штаб‑квартиралары жайгашкан: алар – БУУнун Африка үчүн экономикалык ко­миссиясы (1958‑жылдан), Африка союзу (1963-жылдан иштейт; 1963–2000‑ж. – Африка бирим­диги уюму).

19‑к‑дын аягы) ж. б. сакталган. А.-А‑да эл ара лык ири уюмдардын штаб‑квартиралары жай гашкан: алар – БУУнун Африка үчүн экон. ко­миссиясы (1958‑жылдан), Африка союзу (1963­жылдан иштейт; 1963–2000‑ж. – Африка бирим­диги уюму).

[[Категория:1-Том]]

08:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДДИС-АБЕБА (амхарча – жады гүл) – Эфио­пиянын борбор шаары; өзүнчө администрациялык бирдик. Өл­көнүн борбордук бөлүгүндө, Эфиопия тайпак тоосун­да, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому. Калкы 3,0 млн (2012). Темир жолу аркылуу Жибути (Сомалиде) порту менен байланышат. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. 1887‑жылы император Менелика II тарабынан негизделип, алгач Финфинни аталган. 1889‑жылдан азыркыдай аталат. Металл иштетүү, тамак‑аш, жыгаччылык, текстиль, цемент өнөр жайы, университет иштейт. Кустардык жол менен кезде­ме токулат, булгаары ж. б. чыгарылат. Кол өнөрчүлүк (жыгач буюмдарын жасоо) өнүккөн. Университет, археологиялык жана айыл чарба илимий-изилдөө институту, музей, Улут­тук театр, Улуттук китепкана бар. 19–20‑кылымдардагы архитектуралык эстеликтер – Менелика II сарайы, Жаңы сарай, Ыйык Георгий собору (экөө тең 19‑кылымдын аягы) ж. б. сакталган. Аддис-Абебада эл аралык ири уюмдардын штаб‑квартиралары жайгашкан: алар – БУУнун Африка үчүн экономикалык ко­миссиясы (1958‑жылдан), Африка союзу (1963-жылдан иштейт; 1963–2000‑ж. – Африка бирим­диги уюму).