Difference between revisions of "АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ"
v1e2_72-116>Kadyrm |
м (→top: категория кошуу) |

(9 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ''' (АИЖВ – ВИЧ)‒ иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС ‒ СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-жылы Париждеги Л. Пастер атындагы илим-изилдөө институтунун профессору Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү менен ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда профессор Галло жана жардамчылары бул вирусту ИЖОС менен ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ ‒ татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК менен ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, генетикалык маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-жылы анын жаӊы түрлөрү ‒ мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара генетикалык белгилери менен айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D ж. б.) менен аталат. Гомосексуалдардын эпидемиясында АИЖВнын В‑субтибине байланыштуу ийне саюу жолу менен жугузган баңгилерде А‑субтиби басымдуулук кылат. Жыныс жолу менен жугузгандарда көбүнчө В‑субтиби кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана‑чөйрөнүн шартына чыдамсыз, жылуу жерде 10‑30 ''мин'' гана жашайт. Чөйрөнүн температурасы 56°тан жогорулаганда өлөт. Химиялык заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылт көк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организминде гана жашоого, көбөйүүгө жөндөмдүү. Адамдын каны, лимфа суюктугу, эркектин тукум уругу (сперма), жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктуктары вируска жагымдуу шарт болуп, анын таралышында мааниси зор. АИЖВ адам иммунитетин тейлөөчү кан клеткалары менен азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоциттерге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. Натыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жоготот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммундук системанын «кыйрашына» алып келет.
''Т. А. Тыналиева.''

[[Категория:1-Том]] |
08:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ (АИЖВ – ВИЧ)‒ иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС ‒ СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-жылы Париждеги Л. Пастер атындагы илим-изилдөө институтунун профессору Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү менен ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда профессор Галло жана жардамчылары бул вирусту ИЖОС менен ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ ‒ татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК менен ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, генетикалык маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-жылы анын жаӊы түрлөрү ‒ мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара генетикалык белгилери менен айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D ж. б.) менен аталат. Гомосексуалдардын эпидемиясында АИЖВнын В‑субтибине байланыштуу ийне саюу жолу менен жугузган баңгилерде А‑субтиби басымдуулук кылат. Жыныс жолу менен жугузгандарда көбүнчө В‑субтиби кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана‑чөйрөнүн шартына чыдамсыз, жылуу жерде 10‑30 мин гана жашайт. Чөйрөнүн температурасы 56°тан жогорулаганда өлөт. Химиялык заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылт көк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организминде гана жашоого, көбөйүүгө жөндөмдүү. Адамдын каны, лимфа суюктугу, эркектин тукум уругу (сперма), жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктуктары вируска жагымдуу шарт болуп, анын таралышында мааниси зор. АИЖВ адам иммунитетин тейлөөчү кан клеткалары менен азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоциттерге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. Натыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жоготот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммундук системанын «кыйрашына» алып келет.
Т. А. Тыналиева.