Difference between revisions of "АГРОТЕХНИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (→‎top: категория кошуу)
 
(7 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(''агро''..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы ж-а дыйканчылык технологиясы. А-нын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек ж­а каражат жумшоо м­н эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал а. ч. өндүрүшүнө илим м­н алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, а.ч­сын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу ж­а автомат таштыруу аркылуу ишке ашырылат. А. ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү ж­а тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, о. эле а. ч. өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдет ж­а зыянкечтерине каршы күрөшү да кирет. Алгачкы замандарда А. өтө жөнөкөй эмгек шайманына ж­а кол эмгегине негиздел ген. 19­к­да эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн ил. жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы ж­а жер семирткичти пайдалануу, а. ч-сын туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ж­дөгү илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу м­н кээ бир А-лык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо механикалаштырыл ган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор м­н камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны жалпы ж­а себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы ж­а вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. б­дан турган А-лык комплексти пайдалануу талап кылынат (к.'' Айдоо''). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурак­климат өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мис., жаан­чачыны аз райондордо топуракта ным топ
'''АГРОТЕХНИКА''' (''агро''..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ айыл чарба  өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> дыйканчылык технологиясы. Агротехниканын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек каражатын жумшоо менен эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал айыл чарба өндүрүшүнө илим мене­н алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, айыл чарбасын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу жана автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат. Агротехника  ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү жан­а тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, ошондой  эле айыл чарба  өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдеттери <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> зыянкечтерине каршы күрөшүү да кирет. Алгачкы замандарда Агротехника өтө жөнөкөй эмгек шайманына ж­ана кол эмгегине негизделген. 19-кылымда эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн илимий  жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы жан­а жер семирткичти пайдалануу, айыл чарба  иштерин туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ж­өнүндөгү Агротехникалык илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу мене­н кээ бир Агротехникалык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо) механикалаштырылган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор м­енен камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы жана вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. б-дан турган Агротехникалык  комплексти пайдалануу талап кылынат (к.'' Айдоо''). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурагына <span cat="ж.кыск" oldv="ж-а">жана</span> климаттык өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мисалы, жаан-­чачыны аз райондордо топуракта нымдын топтолушуна көӊүл бурулат. Жерди туура которуштуруп, өсүмдүктөрдү эгүү менен Агротехникалык ыкмалардын натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо Агротехника  менен айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж­ана айыл чарба азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.
тоого көӊүл бурулат. Жерди туура которушту руп, өсүмдүктөрдү эгүү м­н гана А-лык ыкмалар комплексинин натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо А. м­н айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж­а а. ч. азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.
[[Категория:1-Том]]

08:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АГРОТЕХНИКА (агро..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы жана дыйканчылык технологиясы. Агротехниканын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек каражатын жумшоо менен эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал айыл чарба өндүрүшүнө илим мене­н алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, айыл чарбасын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу жана автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат. Агротехника ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү жан­а тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдеттери менен зыянкечтерине каршы күрөшүү да кирет. Алгачкы замандарда Агротехника өтө жөнөкөй эмгек шайманына ж­ана кол эмгегине негизделген. 19-кылымда эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн илимий жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы жан­а жер семирткичти пайдалануу, айыл чарба иштерин туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ж­өнүндөгү Агротехникалык илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу мене­н кээ бир Агротехникалык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо) механикалаштырылган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор м­енен камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы жана вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. б-дан турган Агротехникалык комплексти пайдалануу талап кылынат (к. Айдоо). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурагына жана климаттык өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мисалы, жаан-­чачыны аз райондордо топуракта нымдын топтолушуна көӊүл бурулат. Жерди туура которуштуруп, өсүмдүктөрдү эгүү менен Агротехникалык ыкмалардын натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо Агротехника менен айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж­ана айыл чарба азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.