Difference between revisions of "АФРИКА ТИЛДЕРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ Африка континентинде жашаган жерг. калктардын тилдери. Ага көптөгөн топ ж-а майда топчолордон турган тилдер кирет. Ал семит-хамит же афразия тобундагы тилдер деп да аталат. Мис., семит тобунда: араб, бербер, кушит, хауса тобу сыяктуу 4 чоӊ топ бар; араб тилинде : Сауд Аравиясы, Араб Респсы (Египет), Судан, Марокко, Алжир, Тунис, Ливия, Батыш Сахара (хасаний), Аравия ж. а-нда ж-а Амхара, Тигра, Тиграм, Мавритания, Чад Респсында калктар сүйлөшөт. Бул 4 тилдик топтордун бир нече топчолору бар. Бербер тобунда ‒ 6, кушит тобунда ‒ 12, хауса тобунда ‒ 8 топчолору, Бантуда ‒ 83 топ ж-а топчолор, Мандеде ‒ 10, Борб. ж-а Чыгыш Судандагы тилдерде ‒ 17, Нилотто ‒ 19 топ ж-а топчолор жашайт. Топ ж-а топчолордун ичинде да көптөгөн диалектилик, говорлук бөлүкчөлөр бар. Малай-Полинезия тобун индонезиялык тилдик топтор түзөт. Африка континентинде индевропалык тилдерде африкаонерлер

(метистер) ж-а англис, испан, португал, француз, хинди, гуджарат тилдеринде сүйлөгөн элдердин тилдик топтору бар.
Ад.: Африканское языкознание. М., 1963; Дюбуа У., Африка. Очерк по истории африканского континента и его обитателей. М., 1961; Численность и расселение народов мира. под ред. С. И. Брука. М., 1962; Атлас народов мира. М., 1964.