Difference between revisions of "АТОМ МАССАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 , а т о м д у к с а л м а к ‒ хим. элементтердин ат. салмагынын бирдиги аркылуу туюнтулган салыштырмалуу мааниси. Бул түшүнүктү Дж. Дальтон киргизген (1803). 1869-ж. Д. И. Менделеев элементтердин касиеттеринин А. м-га болгон көз карандылыгы ж-дөгү мезгилдик законун ачып, анын негизин де бир топ элементтин А. м-н тактап ж-а ал кезде ачыла элек элементтердин салмагын алдын ала айткан. Табиятта бир изотоптон турган элементтердин А. м. анын изотобунун массасына туура келет. Ал эми бир нече изотопто ру бар элементтердики, ошол изотоптордун массасынын орточо мааниси м-н эсептелет. Көпчүлүк элементтердин изотоптук курамына жараша салмагы да туруктуу болот. Ал хим. элементтин эӊ негизги мүнөздөмөсүнүн бири. Анын бирдиги катары 1961-ж-га чейин жаратылыштагы кычкылтек атомунун орт. массасы нын 1/16 бөлүгү, ал эми 1961-жылдан көмүртек 12С изотобунун массасынын 1/12 бөлүгү алынган. Ал хим. формулалар ж-а теӊдемелер аркылуу эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ж-а бирикмелердин мол. салмагын табууда колдонулат.