Difference between revisions of "АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР'''– байыркы адамдардын турак жайлары, эмгек куралдары, көрүстөндөр, аска-таштардагы сүрөттөр, жазуулар, шаар калдыктары ж. б. материалдык эстелик даректери. А. б. байыркы элдердин, коомдордун социал.-экон., саясий тарыхы, этногенези, элдердин байланышы, руханий мад-ты, каада-салты б-ча баалуу маалымат алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Бул даректердин маалыматтарын тактоо, ырастоо үчүн материалдык калдыктардын үстүндө иштөөнүн өзүнчө ыкмасы иштелип чыгат. Мис., типологиялык изилдөө, классификациялоо, доорун аныктоо методологиялары, археол. мад-ттарды системалап бөлүү, салыштырма анализ жүргүзүүлөргө таянган ыкмалар. Натыйжада, байыркы калдыктардан археология үчүн зарыл маалымат алынат. Ушундан кийин археол. табылга-буюм – материалдык булакка айланат.<br> ''К.Табалдиев.''<br>
'''АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР'''– байыркы адамдардын турак жайлары, эмгек куралдары, көрүстөндөр, аска-таштардагы сүрөттөр, жазуулар, шаар калдыктары ж. б. материалдык эстелик даректери. Археологиялык булактар  байыркы элдердин, коомдордун социалдык-экономикалык, саясий тарыхы, этногенези, элдердин байланышы, руханий маданияты, каада-салты боюнча баалуу маалымат алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Бул даректердин маалыматтарын тактоо, ырастоо үчүн материалдык калдыктардын үстүндө иштөөнүн өзүнчө ыкмасы иштелип чыгат. Мисалы, типологиялык изилдөө, классификациялоо, доорун аныктоо методологиялары, археологиялык маданияттарды системалап бөлүү, салыштырма анализ жүргүзүүлөргө таянган ыкмалар. Натыйжада, байыркы калдыктардан археология үчүн зарыл маалымат алынат. Ушундан кийин археологиялык табылга-буюм – материалдык булакка айланат.<br> ''К.Табалдиев.''<br>

09:55, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР– байыркы адамдардын турак жайлары, эмгек куралдары, көрүстөндөр, аска-таштардагы сүрөттөр, жазуулар, шаар калдыктары ж. б. материалдык эстелик даректери. Археологиялык булактар байыркы элдердин, коомдордун социалдык-экономикалык, саясий тарыхы, этногенези, элдердин байланышы, руханий маданияты, каада-салты боюнча баалуу маалымат алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Бул даректердин маалыматтарын тактоо, ырастоо үчүн материалдык калдыктардын үстүндө иштөөнүн өзүнчө ыкмасы иштелип чыгат. Мисалы, типологиялык изилдөө, классификациялоо, доорун аныктоо методологиялары, археологиялык маданияттарды системалап бөлүү, салыштырма анализ жүргүзүүлөргө таянган ыкмалар. Натыйжада, байыркы калдыктардан археология үчүн зарыл маалымат алынат. Ушундан кийин археологиялык табылга-буюм – материалдык булакка айланат.
К.Табалдиев.