Difference between revisions of "АНАР"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНАР''' (Punica)– өсүмдүктөрдүн анарлар тукумундагы бадал же анча чоң эмес дарак (бийиктиги 5 | '''АНАР''' (Punica) – өсүмдүктөрдүн анарлар тукумундагы бадал же анча чоң эмес дарак (бийиктиги 5 ''м''ге чейин). Жалбырагы калың, күбүлмө. Гүлү кош жыныстуу, жалгыздан же топ гүлдүү. Негизинен кайчылаш, кээде өзү <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> өзү чаңдашат. Май – августта гүлдөйт.[[File:АНАР_69.png | thumb|none]] | ||
Тоголок, саргыч, кызыл кабыктуу, | Тоголок, саргыч, кызыл кабыктуу, салмагы 300-600 ''г,'' мөмөсү сентябрь, ноябрда бышат. Мөмөсүндө 400-700 ширелүү уругу болот. Жапайы түрү Орто Азия, Закавказье, Иран, Афганистан, Индияда өсөт. Бир түрү субтропик өлкөлөрдө – Крым, Закавказье, Орто Азияда өстүрүлөт. Анардын ширесинде кант, лимон кислотасы, танин, С витамини бар. Ширесинен суусун, сироп, татымал даярдалат. Дары, боёк жасоо ишинде да керектелет. Кабыгы медицинада кайнатылып же экстракт түрүндө ичеги мите курттарына каршы, ширеси ашказан сезгенгенде, астма, ангина, атеросклероз ж. б. ооруларды дарылоого колдонулат. Анын казаке, кызыл, бала мюрсаль ж. б. сорттору бар. Кооздук үчүн да өстүрүлөт. Калемче, тамыр, чырпыктары аркылуу көбөйтүлөт. Зыянкечтери: мөмө жегичи, бити, кенеси. Илдеттери: фомопсис же бутак рагы. |
11:00, 27 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы
АНАР (Punica) – өсүмдүктөрдүн анарлар тукумундагы бадал же анча чоң эмес дарак (бийиктиги 5 мге чейин). Жалбырагы калың, күбүлмө. Гүлү кош жыныстуу, жалгыздан же топ гүлдүү. Негизинен кайчылаш, кээде өзү менен өзү чаңдашат. Май – августта гүлдөйт.
Тоголок, саргыч, кызыл кабыктуу, салмагы 300-600 г, мөмөсү сентябрь, ноябрда бышат. Мөмөсүндө 400-700 ширелүү уругу болот. Жапайы түрү Орто Азия, Закавказье, Иран, Афганистан, Индияда өсөт. Бир түрү субтропик өлкөлөрдө – Крым, Закавказье, Орто Азияда өстүрүлөт. Анардын ширесинде кант, лимон кислотасы, танин, С витамини бар. Ширесинен суусун, сироп, татымал даярдалат. Дары, боёк жасоо ишинде да керектелет. Кабыгы медицинада кайнатылып же экстракт түрүндө ичеги мите курттарына каршы, ширеси ашказан сезгенгенде, астма, ангина, атеросклероз ж. б. ооруларды дарылоого колдонулат. Анын казаке, кызыл, бала мюрсаль ж. б. сорттору бар. Кооздук үчүн да өстүрүлөт. Калемче, тамыр, чырпыктары аркылуу көбөйтүлөт. Зыянкечтери: мөмө жегичи, бити, кенеси. Илдеттери: фомопсис же бутак рагы.