Difference between revisions of "АКНЕТ"
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКНЕТ''' (aknet) – бүткүл дүйнөлүк тармак база­сында компьютердик системаларга техникалык кол­доо жана коммуникациялык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу интернет‑сервис провайдер (ком­пьютерди интернетке кошо турган кызмат) ком­паниясы. 1998‑жылы уюшулган. Компания КРдин байланыш жана маалымат технологиясы тарма­гындагы өз иш‑аракетин мыйзам чегинде атка­рат. Интернет тармагына абоненттердин чыгуу­сун КР УИАнын имаратында орнотулган мен­чик, 6 ''м'' антенналуу спутник байланыш стан­циясы аркылуу жүргүзөт. Акнет компаниясы Москва менен түздөн‑түз спутник каналы ар­кылуу байланышат. Спутник каналына жана ин­тернет тармагына чыгууну, LOCKNEED MARTIN GLOBAL TELECOMMUNICATIONS транснацио­налдык корпорациясынын курамына кирген америкалык BELCOM компаниясы жүргүзөт. Акнет кол­донгон бардык жабдыктар | '''АКНЕТ''' (aknet) – бүткүл дүйнөлүк тармак база­сында компьютердик системаларга техникалык кол­доо жана коммуникациялык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу интернет‑сервис провайдер (ком­пьютерди интернетке кошо турган кызмат) ком­паниясы. 1998‑жылы уюшулган. Компания КРдин байланыш жана маалымат технологиясы тарма­гындагы өз иш‑аракетин мыйзам чегинде атка­рат. Интернет тармагына абоненттердин чыгуу­сун КР УИАнын имаратында орнотулган мен­чик, 6''м'' антенналуу спутник байланыш стан­циясы аркылуу жүргүзөт. Акнет компаниясы Москва менен түздөн‑түз спутник каналы ар­кылуу байланышат. Спутник каналына жана ин­тернет тармагына чыгууну, LOCKNEED MARTIN GLOBAL TELECOMMUNICATIONS транснацио­налдык корпорациясынын курамына кирген америкалык BELCOM компаниясы жүргүзөт. Акнет кол­донгон бардык жабдыктар Кыргыз стандартта жана КРдин мамлекеттик байланыш агентчилигинде та­стыкталган. Акнет интернетке 2 топтогу, б. а. бө­лүнгөн зым кермелер жана коммутациялар боюнча чыгат (dialup). Бөлүнгөн зым кермелер боюнча же күнү‑түнү интернетке чыгууну – чоң трафиктүү маалыматты жөнөтүү жолу же менчик маалы­мат ресурстары барлар, интернет провайдерлер корпоративдүү тармакты уюштурууда колдону­шат. Ал эми интернетке такай чыгууда каала­ган жеке колдонуучуларды, офистик жана жергиликтүү тармакты интернетке туташтырууну чечүү, маа­лымат серверлерин бүткүл дүйнөлүк маалымат мейкиндигинин бөлүгү кылуу, алыстагы фили­алдарды тармактын жардамы менен бириктирүү, деги эле өзүбүз үчүн интернет кызматын көрсөтүү ишке ашырылат.
''У. Н. Биримкулов.'' | ||
15:15, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АКНЕТ (aknet) – бүткүл дүйнөлүк тармак базасында компьютердик системаларга техникалык колдоо жана коммуникациялык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу интернет‑сервис провайдер (компьютерди интернетке кошо турган кызмат) компаниясы. 1998‑жылы уюшулган. Компания КРдин байланыш жана маалымат технологиясы тармагындагы өз иш‑аракетин мыйзам чегинде аткарат. Интернет тармагына абоненттердин чыгуусун КР УИАнын имаратында орнотулган менчик, 6м антенналуу спутник байланыш станциясы аркылуу жүргүзөт. Акнет компаниясы Москва менен түздөн‑түз спутник каналы аркылуу байланышат. Спутник каналына жана интернет тармагына чыгууну, LOCKNEED MARTIN GLOBAL TELECOMMUNICATIONS транснационалдык корпорациясынын курамына кирген америкалык BELCOM компаниясы жүргүзөт. Акнет колдонгон бардык жабдыктар Кыргыз стандартта жана КРдин мамлекеттик байланыш агентчилигинде тастыкталган. Акнет интернетке 2 топтогу, б. а. бөлүнгөн зым кермелер жана коммутациялар боюнча чыгат (dialup). Бөлүнгөн зым кермелер боюнча же күнү‑түнү интернетке чыгууну – чоң трафиктүү маалыматты жөнөтүү жолу же менчик маалымат ресурстары барлар, интернет провайдерлер корпоративдүү тармакты уюштурууда колдонушат. Ал эми интернетке такай чыгууда каалаган жеке колдонуучуларды, офистик жана жергиликтүү тармакты интернетке туташтырууну чечүү, маалымат серверлерин бүткүл дүйнөлүк маалымат мейкиндигинин бөлүгү кылуу, алыстагы филиалдарды тармактын жардамы менен бириктирүү, деги эле өзүбүз үчүн интернет кызматын көрсөтүү ишке ашырылат.
У. Н. Биримкулов.