Difference between revisions of "АТА"
556-684>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ 1) балалуу болгон эркектин сыймыктуу аты. А. кыргыздарда жакындыкты, туугандыкты да түшүндүрөт. А. балдарына карата бир нече түргө бөлүнөт: чоӊ А. ‒ атасынын атасы;
тай А. ‒ энесиники; аяш А. ‒ атасынын досу же өзүнүн досунун атасы; киндик А. ‒ бала төрөлгөндө анын киндигин кескен аялдын күйөөсү; өгөй А. ‒ энесинин кийинки күйөөсү; кайын А. ‒ аялынын атасы; өкүл А., о. эле өкүл апа ‒ жаӊыдан никелешкенде ата-энесинин ж-а өздөрүнүн каалоосу б-ча (айрым жерлерде келинге ‒ күйөөсүнүн туугандарынан, күйөөсүнө ‒ келиндин төркүндөрүнөн) дайындалган калыс өкүлдөр; жети А. же ата-баба ‒ чоӊ А-нын атасы буба, бубаныкы ‒ баба, бабаныкы ‒ жото, жотонуку ‒ кубаары, аныкы ‒ жете, жетеники ‒ тек. Андан ары урук, уруу, улут болуп кетет. Кыргызда «жети А-сын билбеген ‒ жетесиз кул» деп айтылат ж-а жети А. өтмөйүнчө кыз алышууга тыюу салынат. 2) Жалпы эле улгайган эркекке карата урматтап кайрылуу. 3) Мифтик түшүнүк б-ча үй айбандарынын колдоочусу. Мис., чолпон А. (койдуку); камбар А. (жылкыныкы); чычаӊ А. (эчкиники); ойсул А. (төөнүкү); 4) Өнөргө, акылга байланыштуу улуу, сыймыктуу деген мааниде колдонулат. Мис., күү А-сы Камбаркан; эл А-сы ‒ алп Манас; калк А-сы ‒ эр Бакай; сын А-сы ‒ Толубай; ыр А-сы ‒ Токтогул ж. б. 5) А. мекен ‒ туулуп өскөн жер, о. эле. А. конуш же А. журт ‒ ата-бабасы жердеп келген жер.