Difference between revisions of "АСФИКСИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
556-684>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
(гр. asphyxia ‒ тамыр сокпой калуу) ‒ дем алуунун бузулушунан организмде кычкылтек азайып, көмүр кычкыл газ өтө көбөйүп тумчугууга дуушар кылуучу оорулуу абал. Ага дем алуу жолун бөтөн зат бүтөп калуусу, муунуу, сууга чөгүү, кокустукта моюн ж-а көкүрөктүн басылып калышы, дем алдыруучу булчуӊдардын же дем алуу борборунун шал болушу ж. б. себеп болот. Бул учурларда дем алуу жолу аркылуу абанын өпкөгө келиши токтойт. А. пайда болуу себептерине жараша түрдүүчө болот. Анда ткандарга кычкылтек жетпей, органдардын функциясы, айрыкча мээдеги дем алуу борборунун ж-а жүрөк иши бузула баштайт; кишинин өӊү кара көк тартат, көздүн кареги адегенде кичирейип, андан кийин эсин жоготуп, заарасын ж-а заӊын кармай албай калат, кан басымы жогорулайт, жүрөгү тез согот. Дем алуу бир нече секундадан бир нече мүнөткө чейин токтойт. Бул учурда тез жардам көрсөтүлбөсө, 3‒6 мүнөттөн кийин адам өлүмгө учурашы мүмкүн. А-да тезинен дем алууга жолто болгон себептерди четтетип, жасалма ж-а кычкылтек м-н дем алдырып, мед. тез жардам чакыруу керек.