Difference between revisions of "АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (2), ж‑а → жана (2)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН'''(1542–1605) – Индия­дагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруу­чусу (1556‑жылдан). ''Бабурдун'' небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында бир топ княздык­тарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Раж­путана ж. б.) кошуп алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлери­нин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген иш-аракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мур­дагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казнадан акы төлөгөн, ал эми жер салы­гын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийли­гин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн маанилүү мамл. кызматтарга дайындаган.
| '''АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН''' (1542–1605) – Индия­дагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруу­чусу (1556‑жылдан). ''Бабурдун'' небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында бир топ княздык­тарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Раж­путана ж. б.) кошуп алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлери­нин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген иш-аракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мур­дагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казнадан акы төлөгөн, ал эми жер салы­гын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийли­гин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн маанилүү мамл. кызматтарга дайындаган.

[[File:АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН33.png | thumb|Акбар аскерлери менен Ганг д‑нан өтүүдө (Ихлас жана Мадгу, могол мек­теби: болжол менен 1600‑ж.; Лондон. Виктория жана Аль­берт музейи).]]Ражпуттардын атчандары | [[File:АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН33.png | thumb|Акбар аскерлери менен Ганг д‑нан өтүүдө (Ихлас жана Мадгу, могол мек­теби: болжол менен 1600‑ж.; Лондон. Виктория жана Аль­берт музейи).]]Ражпуттардын атчандары Акбардын армиясынын негизин түзүн калган. Акбардын мындай саясаты мусулман‑жагирдарларынын нааразылыгын туудурган. Ал ислам, ин­дуизм, парсизм, жайнизм диндеринин негизин­де жаңы дин («Дин‑и илахи») киргизип, анын негиздөөчүсү катары таанылган. Ал тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жөндөмдүү аскер башчы, кат тааныбаса да билимге ынтызар инсан катары белгилүү. |
16:03, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН (1542–1605) – Индиядагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруучусу (1556‑жылдан). Бабурдун небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында бир топ княздыктарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Ражпутана ж. б.) кошуп алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлеринин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген иш-аракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мурдагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казнадан акы төлөгөн, ал эми жер салыгын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийлигин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн маанилүү мамл. кызматтарга дайындаган.
Ражпуттардын атчандары Акбардын армиясынын негизин түзүн калган. Акбардын мындай саясаты мусулман‑жагирдарларынын нааразылыгын туудурган. Ал ислам, индуизм, парсизм, жайнизм диндеринин негизинде жаңы дин («Дин‑и илахи») киргизип, анын негиздөөчүсү катары таанылган. Ал тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жөндөмдүү аскер башчы, кат тааныбаса да билимге ынтызар инсан катары белгилүү.