Difference between revisions of "АСТРОНОМИЯЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

асман жарык чыгаруучуларын ж-а андагы кубулуш тарды байкоочу ж-а астрономия б-ча изилдөө иштерин жүргүзүүчү ил. мекеме. Ал байкоо жүргүзүүчү аспаптар (телескоп, радиотелескоп ) аркылуу байкалган маалыматтарды ылгоочу атайын лабор. приборлор (мис., электрофотометр ж. б.) м-н жабдылат. А. о. адатта шаардан сырткары, деӊиз деӊг. бийик ж-а мүмкүн болушунча экваторго жакын тоолорго курулат. Көпчүлүк А. о. электромагниттик нурланууну каттоочу аспаптар м-н жабдылат, негизги приборлору коргоочу мунарасына жайгаштырылат. А. о. Ассирия, Вавилон, Кытай, Египет ж. б. мамлекеттерде бир нече миӊдеген жылдар мурда эле курулган. Өз учурунда 15-к-да Улугбек Самаркандда А. о. куруп, 1018 жылдыздан турган белгилүү каталогун жогорку тактыкта иштеп чыккан. 18‒19-к-да дүйнө б-ча 400дөн ашуун А. о. түзүлүп, азыр 500гө жетти, а. и. Абастумани астрофиз. обсерваториясы (Боржоми ш.), Гринвич обсерваториясы (Лондон), Крымдагы астрофиз. обсерватория, Пулков обсерваториясы (Санкт-Петербург) бар.

Ад.: Развития астрономии в СССР. М., 1967.