Difference between revisions of "БАЙЛАНЫШ - КАТЫШ ЛИНИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
MMEE_Comp>KadyrM
(Айырма жок)

09:29, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 -деги абалы

(Commucation line-Линия коммуникации). Байланышкатыш байланышты түзүү үчүн регулярдуу телефон линияларын колдонот. Берилиштерди жиберүү үчүн коммутталынган линияларды колдонуу телефон менен сүйлөшкөнгө окшош. Жиберүүчү жактагы байланыш жабдуулары кабыл алуучу жактын телефон номерин терет, кабыл алуучу жактын байланыш жабдуулары телефонго жооп берсе, байланыш орнотулат да маалыматтарды жиберүүгө болот. Коммутталынган линиялар салыштырмалуу кымбат эмес. Берилиштерди жиберүү үчүн коммутталынган линияларды колдонуу кадимки телефон сүйлөшүүдөн кымбат турбайт. Коммутталынган линиялар аркылуу байланышкатыш жабдуулары бар, телефон байланышы орнотулган кыштактар ортосундагы байланышты орнотууда мүмкүн. Бирок мындай линиялардын сапатын башкаруу мүмкүн эмес, себеби, линия коммуттоо жабдуулар тарабынан иретсиз тандалып алынат.