Difference between revisions of "АЛАМҮДҮН ТУРГУН ЖАЙЫ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ коло дооруна мүнөздүү турак жай калдыгы. Аламүдүн суусунун оӊ өйүзүндө, Кара-Жыгач багынын тушунда жайгашкан. Адам иш-аракетинин изи калган катмар бир кыйла аянтты ээлеп, 0,3‒0,6 м тереӊдикте жаткан. 1929-ж. россиялык археолог А. И. Тереножкин тарабынан коло дооруна мүнөздүү маданий катмар табылып, изилденген. Бул жерден геом. оймо-чиймелер м-н кооздолгон, чопо идиштин сыныктары, бодо малдын, о. эле майда жандыктардын сөөктөрү ж-а күлдүн калдыктары чыккан. Тургун жайдагы карапа буюмдар Кырг-ндын түндүгүндөгү табылган карапаларга окшош келип, б. з. ч. 2-к-дын аягы ‒ 1-к-дын башына тиешелүү деп далилден ген. Бул эстеликтердин мүнөзүнө караганда отурукташкан чарба шартында жер иштетип, мал багып жашоо тиричилигин өткөргөн андрон мад-тынын тургундары болгон.
К. Табалдиев.