Difference between revisions of "АШРАФИ Мухтар Ашрафович"
Jump to navigation
Jump to search
м (Mariya moved page АШРАФИ to АШРАФИ Мухтар Ашрафович) |
|
(Айырма жок)
|
10:45, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АШРАФИ Мухтар Ашрафович (1912‒1975) ‒ өзбек композитору, дирижёр, СССР эл артисти (1951), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1943, 1952). 1934‒36-ж. Москва, 1948-ж. Ленинград консерваториясын бүтүргөн. 1944-ж. Ташкент консерваториясында окутуучу, 1953-ж. проф. Ал Василенко менен бирге туӊгуч өзбек операсын [«Бороон» (1939) жана «Улуу канал» (1941)] жазган. «Баатырдык симфония» (1942), «Дилором» (1958), «Акын жүрөгү» (1962) операларынын, «Сүйүү тумары» (1969) балетинин ж. б. чыгармалардын автору. Ленин ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.