Difference between revisions of "АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТА СҮЗҮҮ"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (3), ж‑а → жана (3)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТЫ СҮЗҮҮ''' – ''кайык спортунун'' бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн – скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдону­лат. Академиялык кайык эки калак менен айда­луучу, 1, 2, 4 кишилик жана бир калак менен айда­луучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайык­тардын түзүлүшү, формасы жана көлөмү ар кан­дай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 ''см'' ак түстөгү резина шары менен жабдылат. А. к. с. спорту 19‑к‑дын 1‑жарымын­да Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892‑ж. уюшулган. 1900‑ж. олимпиадалык оюндардын, 1962‑ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кыргызстанда А. к. с. б‑ча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында жана Ысык­-Көлдө өткөрүлөт.

15:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТЫ СҮЗҮҮ – кайык спортунун бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн – скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдонулат. Академиялык кайык эки калак менен айдалуучу, 1, 2, 4 кишилик жана бир калак менен айдалуучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайыктардын түзүлүшү, формасы жана көлөмү ар кандай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары менен жабдылат. А. к. с. спорту 19‑к‑дын 1‑жарымында Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892‑ж. уюшулган. 1900‑ж. олимпиадалык оюндардын, 1962‑ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кыргызстанда А. к. с. б‑ча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында жана Ысык-Көлдө өткөрүлөт.