Difference between revisions of "АК ОЛПОК"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (3), ж‑а → жана (3)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК ОЛПОК''' – 1) жоокер кийими. Аны баа­тырлар чалгынга, жоого чыкканда найза, кы­лыч, ай балта ж‑а жебеден сактанууга, о. эле эл башкаруучу атак‑даңк, сөөлөт үчүн да кийиш­кен. Кийиз м‑н кайыш кабатталып (сырткы бетине өзгөчө түр берүү үчүн арасына темир, ал­барстын майда өгөндүсү же кум кошулган), кай­ра‑кайра шырылып, жибек же баалуу кездеме­лер м‑н ичтелип, этеги, жеңи кыска, тик жака, алды‑арты өз‑өзүнчө туюк жасалып, эки кап­талы ачык тигилип, бүчү м‑н бүчүлөнгөн. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүү үчүн сырткы бетине (кайышка) жырткыч айбандын (арстан, жолборс, ажыдаар) ар түрдүү көрүнүштөгү сү­рөтү, оюм‑чийим түшүрүлгөн. Ал эми «Ак» түшүнүгүнүн кошулуп айтылышы, кыргыздар­дын жоокерчилик заманда өң‑түстү гана эмес, касиеттүү, ыйык, ырайымдуулук деген мааниде колдонулгандыгын билдирет. «Манас» эпосун­да А. ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кес­пеген чыдамдуу ж‑а касиеттүү, көркөм, асем‑сый буюм катары сүрөттөлөт; 2) мамык төшөкчө. Ичине жүн ж‑а кебез салынып, ак бөз кездеме­ден жасалып, ''бешикке'' төшөлөт.
''Ш. Керимова.''
| '''АК ОЛПОК''' – 1) жоокер кийими. Аны баа­тырлар чалгынга, жоого чыкканда найза, кы­лыч, ай балта жана жебеден сактанууга, о. эле эл башкаруучу атак‑даңк, сөөлөт үчүн да кийиш­кен. Кийиз менен кайыш кабатталып (сырткы бетине өзгөчө түр берүү үчүн арасына темир, ал­барстын майда өгөндүсү же кум кошулган), кай­ра‑кайра шырылып, жибек же баалуу кездеме­лер менен ичтелип, этеги, жеңи кыска, тик жака, алды‑арты өз‑өзүнчө туюк жасалып, эки кап­талы ачык тигилип, бүчү менен бүчүлөнгөн. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүү үчүн сырткы бетине (кайышка) жырткыч айбандын (арстан, жолборс, ажыдаар) ар түрдүү көрүнүштөгү сү­рөтү, оюм‑чийим түшүрүлгөн. Ал эми «Ак» түшүнүгүнүн кошулуп айтылышы, кыргыздар­дын жоокерчилик заманда өң‑түстү гана эмес, касиеттүү, ыйык, ырайымдуулук деген мааниде колдонулгандыгын билдирет. «Манас» эпосун­да А. ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кес­пеген чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, асем‑сый буюм катары сүрөттөлөт; 2) мамык төшөкчө. Ичине жүн жана кебез салынып, ак бөз кездеме­ден жасалып, ''бешикке'' төшөлөт.
''Ш. Керимова.''

15:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АК ОЛПОК – 1) жоокер кийими. Аны баатырлар чалгынга, жоого чыкканда найза, кылыч, ай балта жана жебеден сактанууга, о. эле эл башкаруучу атак‑даңк, сөөлөт үчүн да кийишкен. Кийиз менен кайыш кабатталып (сырткы бетине өзгөчө түр берүү үчүн арасына темир, албарстын майда өгөндүсү же кум кошулган), кайра‑кайра шырылып, жибек же баалуу кездемелер менен ичтелип, этеги, жеңи кыска, тик жака, алды‑арты өз‑өзүнчө туюк жасалып, эки капталы ачык тигилип, бүчү менен бүчүлөнгөн. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүү үчүн сырткы бетине (кайышка) жырткыч айбандын (арстан, жолборс, ажыдаар) ар түрдүү көрүнүштөгү сүрөтү, оюм‑чийим түшүрүлгөн. Ал эми «Ак» түшүнүгүнүн кошулуп айтылышы, кыргыздардын жоокерчилик заманда өң‑түстү гана эмес, касиеттүү, ыйык, ырайымдуулук деген мааниде колдонулгандыгын билдирет. «Манас» эпосунда А. ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, асем‑сый буюм катары сүрөттөлөт; 2) мамык төшөкчө. Ичине жүн жана кебез салынып, ак бөз кездемеден жасалып, бешикке төшөлөт.
Ш. Керимова.