Difference between revisions of "АКШАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ даны негизинен акшак даярдоодо пайдаланылуучу өсүмдүктөр. Көпчүлүк А. ө. ‒ күрүч, таруу, сорго, конок, чумиза дан өсүмдүктөр уруусуна, кара күрүч ‒ кара күрүчтөр уруусуна кирет. Арпа, сулу, жүгөрү, буурчак ж-а буудайдан да акшак тартылат. А. ө-нүн даны углевод, белок, витамин дерге бай. Ал ун, крахмал, спирт даярдоодо, үй кушуна ж-а чочкого, сабагы малга тоют катары пайдаланылат. Өтө баалуу А. ө-нүн бири ‒ кара күрүч. Анын акшагы азыктуулугу, даамы, сиӊимдүүлүгү б-ча жогору бааланат, алар жаздык өсүмдүктөр, жылуучул келип бардык өлкөдө эгилет. Күрүч Индия, Нигерия, АКШда; кара күрүч Польша, Болгария, Францияда ж. б.; чумиза, конок Кытайда көп эгилет.