Difference between revisions of "АДСОРБЦИЯ"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (4), ж‑а → жана) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДСОРБЦИЯ''' (лат. ad – үстүнө, sorbere – соруу, сиңирүү) – эриген же газ абалындагы заттардын (адсорбаттын) суюктуктун же катуу заттын (адсорбенттин) бетине сиңиши. Адсорбат менен адсорбенттин молекуласынын өз ара аракеттенишүү мүнөзүнө жараша ф и з. А. жана хемосорбция болуп бөлүнөт. Физ. А‑да адсорбат менен адсорбенттин молекулаларынын өз ара аракеттенишүүсү өтө начар болот. Хемосорбция убагында адсорбат менен адсорбенттин ортосунда реакция жүрүп, жаңы бирикме пайда болушу мүмкүн. А‑ланган молекулалардын кайра бөлүнүшү десорбция деп аталат. Белгилүү убакыт бирдигинде А‑ланган (же десорбцияланган) молекулалардын саны А‑нын ылдамдыгын туюнтат. Темп‑ранын жогорулашы А‑ны төмөндөтүп, хемосорбцияны күчөтөт. А. менен десорбция ылдамдыгы теңелгенде, А‑лык тең салмактуулук пайда болот. А‑ланган молекулалар кээде десорбцияланганга чейин адсорбитенттин бетине кармалып турган мезгил А. убактысы деп аталат. Адсорбанттын концентсы же басымы көбөйгөндө адсорбанттын молекуласынын адсорбенттин бетине жабышуусу тездейт, ага байланыштуу А. ылдамдыгы өсөт ж‑a А‑ланган молекуланын тең салмактуулук саны көбөйөт. А. процесси көпчүлүк учурда жылуулук бөлүп чыгарып, ал А. жылуулугу деп аталат. Техникада адсорбент катары активдүү көмүр, А1203, цеолиттер, силикогелдер колдонулат. Ар кандай газдарды ж‑a суюктуктарды тазалоодо, кургатууда, бөлүүдө (мис., этил спиртин активдүү көмүр аркылуу чыпкалоо), химия өнөр жайында, медицинада, кездеме боёодо, полиграфияда, курулушта ж. б. кеңири колдонулат.

Ад.: ''Дубинин М. М.'' Адсорбция и пористость. М.,1976; ''Асанов Ү. А., Сатыбалдиев'' А., ''Жуманазарова А. 3.'' Физикалык химия. Б., 2000.
| Ад.: ''Дубинин М. М.'' Адсорбция и пористость. М.,1976; ''Асанов Ү. А., Сатыбалдиев'' А., ''Жуманазарова А. 3.'' Физикалык химия. Б., 2000.

14:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АДСОРБЦИЯ (лат. ad – үстүнө, sorbere – соруу, сиңирүү) – эриген же газ абалындагы заттардын (адсорбаттын) суюктуктун же катуу заттын (адсорбенттин) бетине сиңиши. Адсорбат менен адсорбенттин молекуласынын өз ара аракеттенишүү мүнөзүнө жараша ф и з. А. жана хемосорбция болуп бөлүнөт. Физ. А‑да адсорбат менен адсорбенттин молекулаларынын өз ара аракеттенишүүсү өтө начар болот. Хемосорбция убагында адсорбат менен адсорбенттин ортосунда реакция жүрүп, жаңы бирикме пайда болушу мүмкүн. А‑ланган молекулалардын кайра бөлүнүшү десорбция деп аталат. Белгилүү убакыт бирдигинде А‑ланган (же десорбцияланган) молекулалардын саны А‑нын ылдамдыгын туюнтат. Темп‑ранын жогорулашы А‑ны төмөндөтүп, хемосорбцияны күчөтөт. А. менен десорбция ылдамдыгы теңелгенде, А‑лык тең салмактуулук пайда болот. А‑ланган молекулалар кээде десорбцияланганга чейин адсорбитенттин бетине кармалып турган мезгил А. убактысы деп аталат. Адсорбанттын концентсы же басымы көбөйгөндө адсорбанттын молекуласынын адсорбенттин бетине жабышуусу тездейт, ага байланыштуу А. ылдамдыгы өсөт ж‑a А‑ланган молекуланын тең салмактуулук саны көбөйөт. А. процесси көпчүлүк учурда жылуулук бөлүп чыгарып, ал А. жылуулугу деп аталат. Техникада адсорбент катары активдүү көмүр, А1203, цеолиттер, силикогелдер колдонулат. Ар кандай газдарды ж‑a суюктуктарды тазалоодо, кургатууда, бөлүүдө (мис., этил спиртин активдүү көмүр аркылуу чыпкалоо), химия өнөр жайында, медицинада, кездеме боёодо, полиграфияда, курулушта ж. б. кеңири колдонулат.
Ад.: Дубинин М. М. Адсорбция и пористость. М.,1976; Асанов Ү. А., Сатыбалдиев А., Жуманазарова А. 3. Физикалык химия. Б., 2000.